Аял ишкерлер 1,5 млрд сомдон ашык насыя алышты

Аял ишкерлер 1,5 млрд сомдон ашык насыя алышты

“Кепилдик фонд” ачык акционердик коому аял ишкерлерди колдоону системалуу түрдө улантып келет. Фонд аларга финансылык ресурстарга жетүүгө жардам берип, өлкөнүн бардык аймактарында бизнесин өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп жатат.

2025-жылдын январь–сентябрь айларында аталган фонд аялдардын бизнесин өнүктүрүү үчүн 440 кепилдик берген. Бул — берилген кепилдиктердин жалпы санынын 40%ын түзөт.

Жалпы кепилдик суммасы 369 млн 053 миң сом болуп, бул аял ишкерлерге 1 млрд 527 млн сомдон ашык насыя тартууга мүмкүнчүлүк берген. 

Берилген кепилдиктердин көлөмү боюнча туризм тармагы алдыңкы орунда турат жана бул тармакка — 90 млн 299 миң сом кепилдик берилген. 

Андан кийинки орундарда:

  • соода — 82 млн 816 миң сом;
  • айыл чарба — 63 млн 536 миң сом;
  • өнөр жай — 58 млн 594 миң сом;
  • кызмат көрсөтүү — 55 млн 779 миң сом;
  • ипотека — 9 млн 313 миң сом;
  • транспорт — 7 млн 482 миң сом;
  • курулуш — 1 млн 170 миң сом;
  • айыл чарба продукциясын кайра иштетүү — 61 миң сом.

2025-жылдын май айында Кепилдик фонду «Келечек» аттуу жаңы ипотекалык продуктуну ишке киргизди. Аталган программа аркылуу азыркыга чейин тогуз аял өз турак жайын сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Бүгүнкү күндө «Келечек» ипотекалык кепилдигин:
«Айыл Банк» ААК, «Элдик Банк» ААК, «МБанк» ААК, «Дос-Кредобанк» ААК жана «Коммерциялык Банк КСБ» ЖАКтан алса болот

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн