16 айыл чарба кластерлерине 17 млрд сом бөлүнөт

16 айыл чарба кластерлерине 17 млрд сом бөлүнөт

Кыргызстандагы агроөнөр жай кластерлерине жалпы суммасы 17 млрд сом каражат бөлүү каралган. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 16 млрд сом – агроөнөр жай кластерлерине, ар бир кластерге 1 млрд сомдон жана лизингге 1 млрд сомдон.

Бүгүнкү күндө 16 айыл чарба кластерлери түзүлгөн: сүт, эт, кант, жумуртка, жашылча-жемиш, картошка, өсүмдүк майы, дан өсүмдүктөрү, балык, пахта, жүн, бал, буурчак жана жаңгак-жемиш өсүмдүктөрү (грек жаңгагы жана токой продукциясынын башка түрлөрү) жана органикалык өндүрүш.

Кластердик өнүктүрүүнүн милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

·         агроөнөр жай кластерлеринин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана экономикалык потенциалын жогорулатуу, анын ичинде инновацияларга, технологияларга, адистештирилген кызмат көрсөтүүлөргө жана квалификациясы жогору болгон кадрларга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү;

·         тышкы экономикалык интеграцияны жакшыртуу жана глобалдык өндүрүштүк байланыштарга кошуу аркылуу агроөнөр жай кластерлеринин катышуучуларынын эл аралык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;

·         айыл чарба сектору үчүн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү берүү максатында чыгымдарды азайтуу жана сапатын жогорулатуу;

·         баалардын туруктуулугун камсыздоо, товарларды чекене сатууда улуттук азык-түлүк товарларынын үлүшүн жогорулатуу шарттарында айыл чарба продукциясынын, чийки зат жана азык-түлүк рынокторун жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүү;

·         айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн кредиттик ресурстарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүнүн эсебинен айыл чарбасынын финансылык туруктуулугун жогорулатуу.

2023-жылдын 1-октябрына карата 5.3 млрд сом 3 899 субъектке берилген.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун