Корея Кыргызстандын шаарларын каптаган түтүн менен күрөшүүгө жардам берет

Корея Кыргызстандын шаарларын каптаган түтүн менен күрөшүүгө жардам берет

Кыргызстан менен Кореянын мамлекеттик органдарынын энергетика тармагында кызматташтыгы чыңдалууда 2023-жылдын 20-октябрында Энергетика министрлиги менен Кореянын Курчап турган чөйрөнү коргоо министрлигинин ортосунда энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Меморандумдун максаты климаттын өзгөрүүсүнүн чакырыктарына каршы туруу үчүн өз ара түшүнүшүүнү жана кайра жаралуучу энергияны биргелешип өнүктүрүүнү бекемдөөгө багытталган.

Кореянын Айлана-чөйрөнү коргоо министри Хан Хва Чжин жашыл энергетиканы өнүктүрүү жана шаарды түтүндөн арылтуу жаатында Корея элинин тажрыйбасы чоң экенин баса белгилеп, бул жаатта кызматтагууша жана тажрыйба алмашууга даяр экенин билдирди.

Ошондой эле, энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кызматташуу жакшы жыйынтык берет деп үмүттөнөөрүн баса белгиледи.

Маалыматка ылайык, Кореянын Айлана-чөйрөнү коргоо министрлигине эл аралык аренада өлкөнүн Президентинин тапшырмасы боюнча энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, айлана-чөйрөнүн булганышына жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө чоң ыйгарым укуктар жана финансылык ресурстар берилген.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун