Микрокредит алуучулардын 20%ы Ош облусунан

Микрокредит алуучулардын 20%ы Ош облусунан

2023-жылдын январь-сентябрында микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 37 млрд сомго жакын суммада кредиттер берилди, аны алуучулардын саны 533 миң адамдан ашты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 12%га, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү 29%га көбөйдү.

Микрокредиттерди алуучулардын басымдуу саны Ош (алуучулардын жалпы санынын 20%дан ашыгы) жана Жалал-Абад облустарына (17%дан ашык), ошондой эле Бишкек ш. (16%) жана Чүй облусуна (13%) туура келди. Ошол эле учурда микрокредиттердин олуттуу суммасы Бишкек шаарынын (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 19%ы), Ош (дээрлик 17%ы), Чүй жана Жалал-Абад облустарынын (16%дан) алуучуларына берилди.

2023-жылдын 9 айында калкка берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 48%га жакыны - керектөө муктаждыктарына, 23%дан ашыгы - айыл чарба ишмердиктерин өнүктүрүүгө, 11,5%ы - соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө жана 6%ы курулушка багытталды.

Январь-сентябрдагы калкка микрокредиттердин максаттар боюнча берилиши

(микрокредиттердин жалпы көлөмүнө карата пайыз менен)

2023-жылдын январь-сентябрында микрокредиттерди белгиленген мөөнөткө ылайык кайтаруунун деңгээли 90.9%ды түздү, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2% пунктка төмөн.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун