Ветеринария кызматы эки эсе көп каражатка каржыланды

Ветеринария кызматына былтыркы 2022-жылга салыштырмалуу бөлүнө турган каражат эки эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

2023-жылга Ветеринария кызматынын бюджети 1 млрд 180.5 млн сомду түздү.

Жыл ичинде кошумча бөлүнгөн каражаттар 174.9 млн сом, анын ичинен:

• кредитордук карызды төлөөгө – 118.2 млн сом;

• вакциналарга – 56.7 млн сом;

• РВДБ (Республикалык ветеринардык диагностика борборлору) үчүн диагностикумдарды сатып алууга – 54.2 млн сом;

• 27 млн сом – реагенттерди, сарпталуучу материалдарды жана лабораториялар үчүн жабдууларды сатып алуу үчүн.

2023-жылдын 10 айына карата каралган каражаттын 704.8 млн сому каржыланды.