Нарын жана Ысык-Көлдүн картошкасынын биринчи партиясы Ташкентке жеткирилди

Нарын жана Ысык-Көлдүн картошкасынын биринчи партиясы Ташкентке жеткирилди. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, биринчи тапшыруунун жалпы көлөмү 1000 тонна тандалган картошканы түзөт. Бардык партия мурда лабораториялык экспертизадан өтүп, толук көлөмдө сатылып кетти.

Бул Өзбекстандагы КРнын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Соода өкүлчүлүгүнүн аракетинин аркасында ишке ашты.

Бул жеткирүү Өзбекстан менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты гана көрсөтпөстөн, соода-экономика тармагындагы келечектеги өнөктөштүккө жол ачат.

Эске сала кетсек, 2023-жылдын 20-ноябрында Кыргызстандын Өзбекстандагы соода өкүлү Алмаз Темирбеков Өзбекстандын ири импорттоочулары менен жогорку сапаттагы Нарын жана Ысык-Көл картошкасын Ташкентке жеткирүү боюнча келишим түзгөн.