Таласта дем берүүчү гранттардын эсебинен 40.6 млн сом жумшалды

Таласта дем берүүчү гранттардын эсебинен 40.6 млн сом жумшалды

Талас облусу боюнча 2023-жылдын 11 айына карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 40.6 млн сом суммасында 20 долбоор каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Сарпталган каражаттар:

·         9 мектепке – 17.6 млн сом;

·         1 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине – 2.6 млн сом;

·         4 спорттук курулуштарга – 8.1 млн сом;

·         3 маданий маанидеги объектиге – 5.6 млн сом;

·         3 бала бакчага – 6.7 млн сом жумшалды.

Мындан тышкары окуңуз

Көчмөндөр оюнуна чейин жолдорду бүтүрүү тапшырмасы коюлду

Көчмөндөр оюнуна чейин жолдорду бүтүрүү тапшырмасы коюлду

Бүгүн, 21-апрелде министр Талантбек Солтобаевдин жетекчилиги алдында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кезектеги аппараттык жыйыны өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка таянсак, жыйынга министрдин орун басарлары, бөлүм башчылар, министрликке караштуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери жана мекеме-ишканалардын башчылары, ошондой эле онлайн форматта жол тейлөө ишканаларынын жетекчилери катышты. Министр Т.

"КУЭС" ААКнын директорлор кеңеши 58,25 млн доллар насыя алууну жактырды

"КУЭС" ААКнын директорлор кеңеши 58,25 млн доллар насыя алууну жактырды

"КУЭС" ААКнын директорлор кеңеши 2026-жылдын 16-апрелинде Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан берилүүчү насыяны тартуу боюнча кызыкчылыгы бар бүтүмдү жактырды. Насыянын суммасы 58,25 млн долларды түзөт. Бул каражаттар 220/110/24 кВ "Каракол" жана 220/110/24 кВ "Тамга" көмөкчордондорун (ПС) жана электр берүү линияларын

Кеминдеги курулуп жаткан ГЭСке 16 млн 353 миң сом  айып салынды

Кеминдеги курулуп жаткан ГЭСке 16 млн 353 миң сом  айып салынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгы «Энергия Будущего» ЖЧКсынын ишмердүүлүгүнө пландан тышкары текшерүү жүргүздү. Аталган компания Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кичи-Кемин айыл өкмөтүнүн Сары-Күнгөй коктусунда чакан ГЭС куруп жаткандыгы аныкталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө курчап турган чөйрөнү коргоо мыйзамдарынын талаптарын бузуу

Веложол Ала-Арчага чейин жеткирилет

Веложол Ала-Арчага чейин жеткирилет

Бишкектин четинде Байтик айылынан Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркына чейин узундугу 13 чакырым болгон веложолдун курулушу уланып жатканын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча узундугу 4,2 чакырым болгон тилкеде асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилген. 2026-жылы иштер уланууда: планга ылайык, дагы 4,8 чакырым тилкеде түздөө иштери