Инфляцияга каршы күрөш: Улуттук банктын акча-кредит саясаты өз жемишин берип жатат

Инфляцияга каршы күрөш: Улуттук банктын акча-кредит саясаты өз жемишин берип жатат

2023-жылдын башында Кыргызстанда инфляция жылдык мааниде 15.3% түздү. Бирок инфляциянын деңгээли 8%га чейин төмөндөдү. Economist.kg баанын өсүшү, инфляциянын басаңдашы жана Улуттук банктын акча-кредит саясаты тууралуу КРУБнын экономика бөлүмүнүн башчысы Айнура Мамбеткул кызы менен маектешти.

Улуттук банктын өкүлү белгилегендей, инфляциянын түзүмүндө товарлардын азык-түлүк тобунда баанын өсүшү басаңдаганын байкоого болот. Алсак, алар боюнча жылдык мааниде баалардын өсүшү дээрлик 16% деңгээлинен төмөндөп 4%ды түзгөн. Буга дүйнөлүк азык-түлүк рынокторунда баанын акырындык менен төмөндөшү да өбөлгө түзгөн.

Азык-түлүк эмес товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалар мурдагы мааниде сакталган, алардын мындай туруктуу динамикасы тариф саясаты боюнча жүргүзүлгөн чараларынын таасири (б.а. электр энергиясына жана коммуналдык кызматтарга тарифтердин жогорулашы) менен түшүндүрүлөт.

Улуттук банктын акча-кредит саясатынын орто мөөнөттүү максаттуу көрсөткүчү болуп, инфляцияны 5-7% чегинде кармап туруу саналат.

“Ага ылайык, 2022-жылы тышкы факторлордон улам өлкөдө инфляциялык процесстер күчөгөндө, өлкөнүн экономикасынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн Улуттук банктын негизги милдети иш жүзүндөгү инфляцияны инфляциянын максаттуу көрсөткүчтөрүнө жакындатуу болгон.
Инфляцияга каршы күрөшүү боюнча Улуттук банк тарабынан көрүлүп жаткан чараларга токтолсок, жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты натыйжалуу болгондугун белгилей кетүү керек, анын натыйжалуулугун реалдуу маалыматтар тастыктап турат. Мен белгилегендей, 2022-жылдын аягында жылдык инфляция 14.7% деңгээлинде болсо, 2023-жылдын ноябрь айына карата 8%га чейин төмөндөгөн, бул Улуттук банк тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясаттын натыйжасы”, - деди Мамбеткул кызы.

КРУБ белгилегендей, Улуттук банктын акча-кредит саясатынын негизги инструменти бул эсептик чен. Учурда ал 13% өлчөмүндө белгиленген жана бул чара учурдагы бардык экономикалык шарттарга жооп берет, анткени тышкы мүнөздөгү тобокелдиктер дагы деле сакталып турат.

Ошондой эле КРУБ тарабынан банк системасындагы ашыкча ликвиддүүлүктү жигердүү жөнгө салуу жана өзгөрүлмөлүү алмашуу курсу режиминин алкагында тиешелүү валюта саясаты жүргүзүлөт.

Айнура Мамбеткул кызы белгилегендей, дүйнөдө экономикалык активдүүлүк бир текши эмес. Эгерде Кыргыз Республикасындагы кырдаал жөнүндө айта турган болсок, өлкөдөгү экономикалык жигердүүлүк негизинен тейлөө чөйрөсүндөгү жана кайра иштетүү өнөр жайындагы жогорку жигердүүлүктүн эсебинен өсүүдө. 2023-жылдын январь-октябрь айларында ИДӨнүн реалдуу өсүш арымы 4.5%ды түзгөн (Кумтөрдү эсепке албаганда – 6.5%). Керектөө кредиттери өсүүсүн улантууда, бул реалдуу эмгек акынын өсүшү менен бирге ички керектөөнүн өсүшүнө шарт түзөт.

Банк системасы да оң динамикага ээ. Депозиттик базанын жана кредит портфелинин өсүшү да эң сонун мисал болду. 2023-жылдын 10 айы ичинде ал 20%га өсүп, болжол менен 405 млрд сомду түздү. Банктардын кредит портфели да дээрлик 23%га өсүп, анын көлөмү 251 млрд сомго жакынды түздү.

“Ички валюта рыногунда абал туруктуу бойдон калууда. Улуттук банк өзгөрүлмө алмашуу курсу режимин карманып, алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүнө жол бербөө үчүн гана валюталык тооруктарга катышат. Улуттук банк тарабынан 2023-жылдын башынан бери (27-ноябрга карата) ички валюта рыногунда чет өлкө валютасын сатуу боюнча жүргүзгөн интервенцияларынын жалпы көлөмү болжол менен 655.7 млн АКШ долларын түзгөн”, - деди КРУБнын экономика бөлүмүнүн башчысы.

Эске салсак Улуттук банк 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча инфляциянын деңгээлин 10%га жакын көрсөткүч деңгээлинде кармап туруу милдетин алдыга койгон. Бул милдет аткарылды деп санасак болот. Үстүбүздөгү жылдын декабрь айында жылдык инфляциянын көрсөткүчү 10%дан төмөн болот деп күтүлүп жатат.

Улуттук банк тарабынан жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты эске алынып,   кырдаал болжолдуу базалык сценарийге ылайык өнүккөн учурда, жылдык инфляция  2025-жылдын башына карата 5-7% максаттуу көрсөткүчкө кайтып келет.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында көпүрөнүн курулушуна 262 миң сом бөлүндү

Нарында көпүрөнүн курулушуна 262 миң сом бөлүндү

Нарын районунун Учкун айыл аймагына караштуу Кыз-Мазар участкасында жаан-чачындан улам бузулган жолду калыбына келтирүү жана көпүрө куруу иштери жүргүзүлүп жатат. Бул туурасында райондук администрациядан билдирди. Маалым болгондой, көпүрөнүн курулушуна "Кемп Ала-Тоо" коомдук уюмунан 262,2 миң сом бөлүнүп, керектүү материалдар алынган. Мындан тышкары, азык-түлүк

Ишкер Media
Бишкекте бир күндө 500дөн ашык көчөт отургузулду

Бишкекте бир күндө 500дөн ашык көчөт отургузулду

31-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда бак-дарактарды отургузуу боюнча экологиялык акция өттү. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдирди. Маалыматка караганда, Иманалы Айдарбеков көчөсүндөгү бульварга 64 эмен жана ясень дарактарынын көчөтү отургузулду. Акцияга шаардык активисттер жана жаштар да катышты. "Бир да дарак сугатсыз калбашы керек. Президенттин тапшырмасы бар:

Ишкер Media
Түркияда кыргыз дарыгерлеринин тажрыйба алмашуу маселелери каралды

Түркияда кыргыз дарыгерлеринин тажрыйба алмашуу маселелери каралды

КРнын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Түркиянын Саламаттык сактоо министри Кемал Мемишоглу менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Билдирүүгө караганда, жолугушуу Стамбул шаарында өтүп жаткан Түрк медицинасынын дүйнөсүнүн 12-конгрессинин алкагында уюштурулду. Анда эки өлкөнүн саламаттык сактоо жаатындагы практикалык кызматташтыгын кеңейтүү, медицинанын жогорку технологиялуу

Ишкер Media
Бишкекте жаңы курулган 2 фонтандын ачылышы өттү

Бишкекте жаңы курулган 2 фонтандын ачылышы өттү

31-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда "Алтын балыктар" фонтаны жаңыланып ачылып, Киев жана Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде эки жаңы фонтандын ачылыш аземи болуп өттү. Мэриядан маалымдагандай, алардын бири имараттын алдында, экинчиси сквердин аймагында жайгашкан. Иш-чаранын жүрүшүндө Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын жана Муниципалдык инспекциянын кызматтык милдеттерин

Ишкер Media