Өкмөт 2024-жылы айыл чарба тармагындагы пландары тууралуу жарыялады

Өкмөт 2024-жылы айыл чарба тармагындагы пландары тууралуу жарыялады

2024-жылы айыл чарба тармагында чоң өзгөрүш болот. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

Өз сөзүндө Төрөбаев айыл чарба продукциясын сактоо, экспорттоо боюнча жакында Москва районунда ири ишкана ачылганын, ушундай эле өндүрүш өлкөнүн 5 жерине Ош, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Ата, Балыкчыга ачылаарын билдирди.

“Наркы 10 миң доллардык жүн иштетүүчү цехтер ачылат. Жүндөн жер семирткич алуу боюнча завод ачуу каралууда. Терини кайрадан иштетүү башталат. Ысык-Атада 50 миң тонна картошканы кайра иштетүүчү заводду планга койулду. Балыкчыда канаттуулар фабрикасынын РКФРдин каржылоосу менен кошумча линиясы менен, тооктун этине болгон муктаждык жабылат.
Араванда 10 гектар жерге Текстиль заводу курулат, пахта өндүрүү, кайра иштетүү жолго койулуп, Ош. Жалал-Абадта өсүмдүк майы колго алынат”, - деди Бакыт Төрөбаев.

Мындан тышкары, ирригация тармагын жакшыртуу максатында кийинки жылы БСР, БДР, суу сактагычтар салынат. Белгилей кетсек, бул маселе Курултайда дагы көтөрүлүп суроолордун көбүн сугат суу түзгөн.

“Азыркы БСР, БДР, суу сактагычтардын көлөмүн көбөйтүү боюнча тышкы инвестиция жана бюджет аркылуу 4 БДР курулат. 367 млн сомго техника сатып алабыз. Чүй облусуна БДР, БСР курууга өзүнчө 350 млн сом берилет. Ички чарбалык каналдар мамлекттин эсебине өткөрүлөт жана аларды оңдоого акча каражаты каралат. Жылына кошумча 2 млрд дан кем эмес акча бөлүнөт”, - деди Төрөбаев.

Мындан тышкары окуңуз

ӨКМ: 10-12-май күндөрү сел жүрүү коркунучу бар

ӨКМ: 10-12-май күндөрү сел жүрүү коркунучу бар

10-майдан 12-майга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү мүмкүн. Буга байланыштуу ӨКМ жарандарды майрам жана эс алуу күндөрү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат. Айрыкча тоолуу жана тоо

Бишкекте Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өтүүдө

Бишкекте Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өтүүдө

Бүгүн Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өтүүдө. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, Өчпөс отко гүлчамбар койду. Ошондой эле мамлекет башчысы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерип, алардын элесине таазим кылды. Өлкө башчы согуштун жана ооруктун ардагерлерин, ошондой эле жалпы кыргызстандыктарды 9-Май

Ошто №4 мектеп-гимназиясына кошумча окуу имараты курулат

Ошто №4 мектеп-гимназиясына кошумча окуу имараты курулат

Күн мурун Ош шаарындагы №4 С.М. Киров атындагы мектеп-гимназиясы үчүн 200 орундуу кошумча окуу имаратынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Мэриядан билдиришкендей, иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин депутаттары, билим берүү тармагынын өкүлдөрү, мугалимдер жана ата-энелер катышты. Жаңы окуу корпусу окуучулар үчүн заманбап шарттарды түзүүгө жана

Ысык-Көлдөн 1700 метр балык уулоочу тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 1700 метр балык уулоочу тор чыгарылды

Бүгүн суучулдар Түп булуңунан 1700 метр узундуктагы балык уулоочу эски торлорду чыгарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, суучулдар ӨКМдин "Мөлтүр" кемесине түнөп, көлдү тазалоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө. Белгиленгендей, Ысык-Көл акыркы 4 жылдан бери таштанды жана балык уулоочу торлордон тазаланууда.