Кыргызстандын дүң эл аралык резерви 3.2 млрд долларын түздү

Кыргызстандын дүң эл аралык резерви  3.2 млрд долларын түздү
Photo by Mike Dudin / Unsplash

2023-жылдын декабрь айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын дүң эл аралык резерви 3 млрд 236 млн АКШ долларын түздү (салыштыруу үчүн: 2022-жылдын декабрь айында 2 млрд 798 млн АКШ доллары). Бул тууралуу КРУБ билдирди.

Такталгандай, резервдин ликвиддүү бөлүгүн карасак, бул көрсөткүч 2023-жылдын декабрь айынын жыйынтыгы боюнча 3 млрд 160 млн АКШ долларынан ашкан (салыштыруу үчүн: 2022-жылдын декабрь айында 2 млрд 718 млн АКШ доллары).

Улуттук банк резервди улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн, баалардын туруктуулугун сактоо, финансылык туруктуулукту камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чет өлкө валютасындагы милдеттенмелерин тейлөө үчүн колдоно тургандыгын белгилеп кетүү зарыл.

Мындан тышкары окуңуз

Тоголез Республикасынын Министрлер Кеңешинин Төрагасы КРнын Улуттук банкында болду

Тоголез Республикасынын Министрлер Кеңешинин Төрагасы КРнын Улуттук банкында болду

Тоголез Республикасынын Министрлер Кеңешинин Төрагасы баштаган делегация КРнын Улуттук банкында болуп, башкы жөнгө салуучунун иши менен таанышты. Тоголез Республикасынын Министрлер Кеңешинин Төрагасы Фор Эссозимн Гнассингбен баштаган делегациянын расмий иш сапарынын алкагында, Улуттук банктын ишмердүүлүгү менен таанышуу дагы каралган. Улуттук банктын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, чет өлкөлүк коноктор Улуттук банктын

Ишкерлердин укуктарын бузгандыгы үчүн 247 мамчиновник жоопкерчиликке тартылды

Ишкерлердин укуктарын бузгандыгы үчүн 247 мамчиновник жоопкерчиликке тартылды

2025-жылы ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын бузгандыгы үчүн 247 кызмат адамы жоопкерчиликке тартылганын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Маалымат Баткен шаарында өткөн ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча консультативдик кеңештин жыйынында айтылды. Ведомствонун маалыматына ылайык, аталган мезгилде 233 текшерүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө мыйзамдардын 577 бузулушу аныкталган. Ишкерлердин укуктарын калыбына келтирүү

140 орундуу бала бакча оңдоп-түзөөдөн өттү

140 орундуу бала бакча оңдоп-түзөөдөн өттү

Бишкек шаарында №132 бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү. Бала бакчанынын ачылыш аземине шаардын мэри Айбек Жунушалиев катышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдирди. Маалыматка таянсак, салтанатка Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, мэрдин орун басарлары, шаардык кызматтардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышышты. Объект 140 орунга ылайыкталган жана

Жогорку Кеңеште мыйзам долбоорун кароону, тапшырууну санариптик түргө өткөрүү сунушталды

Жогорку Кеңеште мыйзам долбоорун кароону, тапшырууну санариптик түргө өткөрүү сунушталды

Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорлорун тапшыруу жана кароо процессин электрондук форматка өткөрүүнү караган мыйзам долбоору киргизилди. Документ парламенттин регламенти жана ченемдик укуктук актылар тууралуу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт. Өзгөртүүлөрдүн маңызы — документтерди бир эле учурда кагаз жана электрондук түрдө милдеттүү түрдө тапшыруу талабынан баш тартуу. Анын ордуна мыйзам долбоорлорун жана коштоочу материалдарды