Өзбекстандан Кыргызстандын карамагына эки айыл өттү

Өзбекстандан Кыргызстандын карамагына эки айыл өттү

Бүгүнкү күндө Өзбекстан менен чек араларды демаркациялоо маалында мурда Өзбекстанга тиешелүү болуп келген эки айыл жашоочулары менен кошо (болжол менен 2500 адам) Кыргызстанга өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, мурда Фергана облусуна караштуу болуп келген Чоңгара жана Таш-Төбө айылдары Кыргызстандын карамагына өттү. Бул айылдарда этникалык кыргыздар жашайт. Эми бул эки айылда каттоо иштери жүрүп, жашоочуларына Кыргызстандын жарандыгы берилет. 

Бул айылдардын ордуна кыргыз тарап Өзбекстанга чек ара тилкесинен теңме-тең жер берилди.

“Мындан сырткары, Сай айылынан Таян айылын көздөй жол салууга 236 гектар теңме-тең жерлер алмашылды. Мындан ары баткендиктер Айдаркенден Баткенге чейин 225 километр жол басып айланып жүрбөй, Сай айылынан Таян айылы аркылуу Баткенге чейин 55 километр жол жүрөбүз” – дейт Алагөзов.
Ошондой эле Казакстанга таандык болуп калган Токмоктун тушундагы 800 метр жол тилкесин теңме-тең жерге алмашуу боюнча дагы Казакстанга сунуш берилгенин кошумчалады.

Бул жол Курманжан Датка көчөсүнөн баштап Кеминге чейин (болжол менен 150 км) төлөнүүчү автомагистраль болорун басма сөз катчысы билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Айтматов районунун Чымкент айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу бүттү

Айтматов районунун Чымкент айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу бүттү

Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Чолпонбай айыл өкмөтүнүн Чымкент айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу аяктады. Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы аянты 1 480,85 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат курулду. Курулуш министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бала бакча 140 балага ылайыкталып, билим алуу-тарбиялоо, эс алуу

Ишкер Media
Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөө башталды

Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөө башталды

Кыргызстанга сасык тумоого каршы вакциналар алынып келинип, аймактарга таратылып берилди. Бишкектеги үй-бүлөлүк мединалык борборлордо эмдөө башталды. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаменти башкармалыгынын жетекчиси Динара Оторбаева "Биринчи радиодон" чыгып сүйлөгөндө билдирди. Динара Отунбаеванын сөзүнө караганда биринчи кезекте ооруну жуктуруп алуу коркунучу жогоркулар бекер эмделет. Алар: * Өнөкөт оорусу бар жарандар

Ишкер Media
Ч.Айтматовдун айкелинин эскизин даярдап - 200 000 сом байге утуп алуу сунушталууда

Ч.Айтматовдун айкелинин эскизин даярдап - 200 000 сом байге утуп алуу сунушталууда

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелинин жана анын чыгармаларынын негизиндеги скульптуралык композициянын эскиздик долбооруна жарыяланган ачык сынактын мөөнөтү 29-ноябрына чейин созулат. Мындай билдирүүнү аталган министрликтен маалымдашты. Сынактын максаты - жазуучунун инсандыгын, чыгармачылык мурасын жана чыгармаларындагы жалпы адамзаттык баалуулуктарды чагылдырган мыкты монументалдык-скульптуралык чечимди тандоо. Билдирүүгө

Ишкер Media
Улуттук банк алты талапкердин кызмат ордуна дайындалышына макулдук берди

Улуттук банк алты талапкердин кызмат ордуна дайындалышына макулдук берди

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 29-сентябрда коммерциялык банктардагы бир катар жетекчилик кызматтарга сунушталган талапкерлердин талапкерлигине макулдук берди. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, “Асман Банк” ЖАКтын директорлор кеңешинин төрагасы кызматына сунушталган Исакова Гульзина Абыловнанын, ошондой эле директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө сунушталган Ааб Рийна Амалиенин талапкерлигине макулдук берилди.

Ишкер Media