Кумтөр Тоголок кенин өздөштүрүү иштери активдүү улантууда

Кумтөр Тоголок кенин өздөштүрүү иштери активдүү улантууда

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу Кумтөр кенинен 200 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Тоголок алтын кенин иштетип баштоо үчүн зарыл болгон иш-чараларды жүргүзүүдө. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын өндүрүш боюнча вице-президенти Кубанычбек Турдукожоев белгилегендей, Тоголок кенин иштетүүгө жана Жангарт аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө лицензия алынгандан бери 5 ай гана убакыт өткөнүнө карабастан, адистер бир топ иштерди аткарышкан.

Тоголок кенинде 2023-жылдын ноябрь айынан бери бургулоо иштери жүрүудө. Жалпысынан кен жайындагы 40 тилкеде бургулоо иштерин жасоо пландалган. Азыркы күнгө карата 40 скважинанын 22си бургуланып, 17 скважинанын үлгүлөрү лабораториялык изилдөөгө жөнөтүлдү.

Ошондой эле 2023-жылдын декабрь айынан бери жер астындагы штольняда да жумуштар башталып, ал жактан 4 тонна үлгү (проба) чогултуу пландалган.

Ошону менен бирге Үч-Кошкон тоолуу кыштагынан кенге чейинки 35 чакырым жол калыбына келтирилип, учурда анын кууш тилкелерин кеңейтүү, көпүрөлөрдүн тирөөчтөрүн бекемдөө иштери жүрүп жатат. Айрым жерлерге жаңы көпүрө куруу пландалып, даярдыктар жүрүүдө.

Маалымат үчүн: Тоголок алтын кенин иштетүүгө жана Жангарт аянтын геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө лицензия 2023-жылдын 8-августунда берилген. Советтик геологдордун маалыматы боюнча, Тоголок кениндеги алтындын запасы 17 тоннага жакын. Учурда жүргүзүлүп жаткан иштердин негизги максаты – запастар боюнча маалыматтарды тастыктоо жана алтынды казып алуунун ыңгайлуу ыкмасын аныктоо болуп эсептелет.

Кошумчалай кетсек, быйыл Жангарт аянтында да геологиялык чалгындоо иштери жасалат.

Мындан тышкары окуңуз

Чоң-Кеминде ак илбирсти сактоого багытталган экологиялык фестиваль өтөт

Чоң-Кеминде ак илбирсти сактоого багытталган экологиялык фестиваль өтөт

11-июлда Кемин районундагы Шабдан айылында “Ак Илбирс ЭкоФест Чоң-Кемин 2026” экологиялык фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара ипподром аймагында саат 09:30да башталат. Фестивалдын быйылкы темасы — "Ак илбирс: Эко-билим берүү — Кыргызстандын туруктуу келечегинин

Соода тармагындагы патентти эми онлайн алса болот

Соода тармагындагы патентти эми онлайн алса болот

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу патент алуу боюнча электрондук кызматты ишке киргизди. Салык кызматынын малыматына ылайык, эми патентти салык кызматына  барбастан эле тариздөөгө болот. Бул үчүн онлайн түрдө бир нече кадамды аткаруу жетиштүү. Патентти кимдер ала алышат? Төмөнкү соода ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ишкерлер үчүн жеткиликтүү: базарларда жана кичи базарларда,

Бишкек – Ош жолунда селдин калдыктары тазаланып, жол ачылды

Бишкек – Ош жолунда селдин калдыктары тазаланып, жол ачылды

22-июнда түнкү саат 01:30 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Бишкек – Ош унаа жолунун 432 – 435-чакырым аралыгында сел жүргөн. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымына караганда, жеринде атайын техникалар ыкчам тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлдү.  Натыйжада жол бүгүн,таңкы саат 05:00гө карата тазаланып, каттам ачылды. Учурда жолду

Белес капчыгайындагы туристтик комплекс августта ишке берилет

Белес капчыгайындагы туристтик комплекс августта ишке берилет

Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов Сүлүктү шаарына караштуу Белес капчыгайында курулуп жаткан “Белес-Резорт” туристтик комплексинин курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, облус жетекчиси курулушту белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүтүрүү, ошондой эле пайдаланууга берилгенден кийин объектти максаттуу жана натыйжалуу иштетүү маанилүү экенин белгиледи. Анын айтымында, туристтик комплекс туруктуу