Белес капчыгайындагы туристтик комплекс августта ишке берилет

Белес капчыгайындагы туристтик комплекс августта ишке берилет

Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов Сүлүктү шаарына караштуу Белес капчыгайында курулуп жаткан “Белес-Резорт” туристтик комплексинин курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, облус жетекчиси курулушту белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүтүрүү, ошондой эле пайдаланууга берилгенден кийин объектти максаттуу жана натыйжалуу иштетүү маанилүү экенин белгиледи.

Анын айтымында, туристтик комплекс туруктуу киреше алып келген жана өзүн-өзү каржылай алган заманбап ишканага айланышы негизги максаттардын бири.

Долбоор Баткен облусун өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашырылууда. Ага республикалык казынадан бөлүнгөн 500 млн сомдун ичинен 120 млн сом каржыланган, ошондой эле жергиликтүү казынадан кошумча 4 млн сом бөлүнгөн.

Белгиленгендей, заманбап туристтик комплексте эс алуучулар үчүн бардык шарттар түзүлүүдө. Анда жайгашуу жайлары, тамактануу жана эс алуу аймактары, ошондой эле спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкталган инфраструктура каралган.

Объект августта пайдаланууга берилери айтылды.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, жаңы “Мадина” базарына пландан тышкары баш багып, буга чейин соода жүргүзүү шарттарына жана соода орундарынан ажырап калуу коркунучуна тынчсыздануусун билдирген соодагерлер менен жолукту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Ишкерлер буга чейин өз кайрылууларын социалдык тармактарга жарыялашкан. Жаңы базар курулуп жаткан жер тилкесине ээлик кылган ишкер долбоорду

Ишкер Media
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегия мүчөсү Гоар Барсегян менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн аталган министрликтен билдирди. Билдирүүгө ылайык, анда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекстерин өнүктүрүү, ошондой эле өндүрүштүк кооперацияны чыңдоо маселелери

Ишкер Media
Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-интернатты капиталдык оңдоо иштери дээрлик аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги маалымдады. Маалыматка ылайык, оңдоо иштерин министрликке караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, анын сметалык наркы 477 миллион сомду түзөт. Иштин алкагында имараттын сырткы көрүнүшү жаңыланып, инженердик тармактары толугу менен

Ишкер Media
Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткен шаарында күз-кыш мезгилине карата калкты көмүр менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата тургундарга 2 миң 400 тонна көмүр жеткирилди. Бул тууралуу шаар мэриясы маалымдады. Маалыматка ылайык, 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилинде шаар калкына жалпысынан 5 миң тонна көмүр керектелет. "Кыргызкөмүр" ишканасы алып келген

Ишкер Media