Чоң-Кеминде ак илбирсти сактоого багытталган экологиялык фестиваль өтөт

Чоң-Кеминде ак илбирсти сактоого багытталган экологиялык фестиваль өтөт

11-июлда Кемин районундагы Шабдан айылында “Ак Илбирс ЭкоФест Чоң-Кемин 2026” экологиялык фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара ипподром аймагында саат 09:30да башталат. Фестивалдын быйылкы темасы — "Ак илбирс: Эко-билим берүү — Кыргызстандын туруктуу келечегинин негизи". Анын негизги максаты — экологиялык аң-сезимди жогорулатуу, жаратылышка жоопкерчиликтүү мамилени калыптандыруу, экотуризмди өнүктүрүү жана өлкөнүн символдорунун бири болгон ак илбирсти сактоо.

Иш-чараны "Илбирс — Зеленое поколение" коомдук фонду, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, ошондой эле эл аралык жана жергиликтүү өнөктөштөр уюштурууда.

Катышуучуларга экологиялык өндүрүмдөрдүн көргөзмөсү, фотокөргөзмө, балдар сынактары, этно жана экологиялык мастер-класстар, ошондой эле тайган-шоу, каскадёрлордун программасы сыяктуу бир катар иш-чаралар сунушталат.

Фестиваль бардык каалоочулар үчүн ачык экени белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, жаңы “Мадина” базарына пландан тышкары баш багып, буга чейин соода жүргүзүү шарттарына жана соода орундарынан ажырап калуу коркунучуна тынчсыздануусун билдирген соодагерлер менен жолукту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Ишкерлер буга чейин өз кайрылууларын социалдык тармактарга жарыялашкан. Жаңы базар курулуп жаткан жер тилкесине ээлик кылган ишкер долбоорду

Ишкер Media
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегия мүчөсү Гоар Барсегян менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн аталган министрликтен билдирди. Билдирүүгө ылайык, анда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекстерин өнүктүрүү, ошондой эле өндүрүштүк кооперацияны чыңдоо маселелери

Ишкер Media
Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-интернатты капиталдык оңдоо иштери дээрлик аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги маалымдады. Маалыматка ылайык, оңдоо иштерин министрликке караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, анын сметалык наркы 477 миллион сомду түзөт. Иштин алкагында имараттын сырткы көрүнүшү жаңыланып, инженердик тармактары толугу менен

Ишкер Media
Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткен шаарында күз-кыш мезгилине карата калкты көмүр менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата тургундарга 2 миң 400 тонна көмүр жеткирилди. Бул тууралуу шаар мэриясы маалымдады. Маалыматка ылайык, 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилинде шаар калкына жалпысынан 5 миң тонна көмүр керектелет. "Кыргызкөмүр" ишканасы алып келген

Ишкер Media