Экономика министрлиги интеграция жана эки тараптуу кызматташтык иштердин жыйынтыгын чыгарды

Экономика министрлиги интеграция жана эки тараптуу кызматташтык иштердин жыйынтыгын чыгарды

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев 2023-жылдын интеграция жана эки тараптуу кызматташтык иштердин жыйынтыгын чыгарды.

Анын айтымында, Канттын тартыштыгынын тобокелдигинин алдын алуу максатында 2023-жылдын 31-декабрына чейин чийки камыш кантын алымсыз ташып кирүү түрүндөгү тарифтик жеңилдикти берүү чечими кабыл алынган (Кыргыз Республикасына ташылып келинген чийки кант 50 миң тоннадан ашпаган көлөмдө импорттук бажы алымынан бошотулат).

·      Ошондой эле “Иран Ислам Республикасы менен эркин соода келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө” маселе каралды.

·      Алсак, Комиссиянын Кеңешмесинин чечими менен Кыргыз Республикасына карата Иран Ислам Республикасына арпа жеткирүү үчүн 20 миң тонна тарифтик квота бөлүнгөн;

·      “Бажы бирлигинин комиссиясынын айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана президенттин администрациясынын мамлекеттик маанидеги имаратын куруу жана жабдуу үчүн Кыргыз Республикасына алынып келинүүчү товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын демилгеси жактырылды;

·      “Луговая – Балыкчы темир жол участогун электрлештирүү”долбоору боюнча (КР демилгеси) жактырылды;

·      Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынтыгы боюнча 2022-жылдын 26-августунда №19 тескемеси кабыл алынып, анда төмөнкү эки долбоор киргизилген:

·      “Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече-Макмал-Жалал-Абад” темир жол долбоору;

·      “Бишкек шаарынын Түндүк айланма жолун реконструкциялоо” авто жолунун долбоору.

КРнын өз ара соодада товарлардын эркин жылышын камсыздоого багытталган демилгелүү сунушу каралды, ал боюнча мындан аркы иштер улантылат. Кеңештин мүчөлөрү КРнын курамында кант бар сууга маркировкалоо демилгесин колдошту.

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунун жүрүшүндө КРнын демилгеси менен Комиссиянын Кеңешинин таттуу сууну маркалоо жөнүндө чечими кабыл алынды.

Бул чечимге ылайык Евробиримдиктин мүчө - мамлекеттери алкоголсуз суусундуктарды жана ширелерди идентификациялоо каражаттары менен маркировкалоонун датасын жана тартибин өз алдынча аныкташат.

Мындан тышкары окуңуз

Кеминдеги Тар-Суу – Тегирменти жолу оңдолууда

Кеминдеги Тар-Суу – Тегирменти жолу оңдолууда

Кемин районунун акими К.Тутуев Карал-Дөбө айылына баруучу Тар-Суу – Тегирменти автожолунда жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Кемин райондук админстрациясынын маалыматына ылайык, учурда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы узундугу 4 чакырым болгон жолго асфальт төшөө иштери жүргүзүлүүдө. Район акими курулуш иштеринин сапатына жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүлүшүнө өзгөчө

Бишкекте 8 автобустук каттамдын багыты өзгөртүлөт

Бишкекте 8 автобустук каттамдын багыты өзгөртүлөт

Бишкек шаарынын мэриясы коомдук транспорттун ишин жакшыртуу жана жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатуу максатында автобустук каттамдарды оптималдаштыруу иштерин улантууда. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык,1-июлдан тартып борбор калаадагы №100, №101, №13, №33, №40, №44, №104 жана №226 автобустук каттамдардын кыймыл чиймесине өзгөртүүлөр киргизилет. Өзгөртүүлөр коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, каттамдардын натыйжалуулугун

Кадамжайдагы Кожо-Ашкан дарыясы 35 млн сомго бекемделди

Кадамжайдагы Кожо-Ашкан дарыясы 35 млн сомго бекемделди

Баткен облусунун Кадамжай районунун Кожо-Ашкан дарыясынын 880 метр аралыгы бекемделди. Анын ичинен Чоң-Гара айылында 500 метр, Кызыл-Коргон айылында 380 метр бекемделди. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Бул жумуштар үчүн 2025-жылы республикалык бюджеттин эсебинен 20 млн сом, 2024-жылы Баткен облусун Өнүктүрүү фондунан 15 млн сом акча

Жаңы тез жардам унаалары сатылып алынат

Жаңы тез жардам унаалары сатылып алынат

Тез жардам кызматынын иши менен жеринен таанышуу максатында Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Бишкек шаардык Тез жардам борборуна барды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, министр диспетчердик борбордун иши, чакырууларды кабыл алуунун автоматташтырылган системасы жана бригадалардын ишин координациялоо тартиби менен таанышты. Иш сапардын жүрүшүндө жол-транспорт кырсыгы тууралуу чакыруу түшүп, министр