Жаңы тез жардам унаалары сатылып алынат

Жаңы тез жардам унаалары сатылып алынат

Тез жардам кызматынын иши менен жеринен таанышуу максатында Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Бишкек шаардык Тез жардам борборуна барды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, министр диспетчердик борбордун иши, чакырууларды кабыл алуунун автоматташтырылган системасы жана бригадалардын ишин координациялоо тартиби менен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө жол-транспорт кырсыгы тууралуу чакыруу түшүп, министр тез жардам бригадасы менен бирге окуя болгон жерге барып, кызматтын ишин реалдуу шартта көрдү.

Кызматкерлердин айтымында, негизги көйгөйлөрдүн бири – тез жардам унааларынын жетишсиздиги бойдон калууда. Учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги жаңы тез жардам автоунааларын сатып алуу боюнча тендердик процедураларды жүргүзүүдө.

Бишкек шаарында кошумча төрт тез жардам көмөк чордонунун иши уюштурулган. Бирок санитардык автоунаалардын жетишсиздигинен улам алар азырынча толук кубаттуулукта иштей элек. Жаңы автоунаалар келгенден кийин бул көмөк чордондору толук ишке киргизилип, тез жардам бригадаларынын бейтаптарга жетүү убактысы кыскарып, шашылыш медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү жогорулайт.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media