Өкмөт салык тармагын санариптештирүү ишин күчөтөт

Өкмөт салык тармагын санариптештирүү ишин күчөтөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Салык кызматында жумушчу көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу минкаб билдирди.  

Отурумда салыктык башкарууну санариптештирүү маселеси каралды. Анда Жапаров жалпы салык төлөөчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүлүшү үчүн салык тармагын санариптештирүү иши күчөтүлөөрүн билдирди.   

«Азыр 21-кылым, заманбап технологиянын заманы. Салыкты көзөмөлдөгөн ар бир тиркеме 7/24 иштеп турушу керек. Программалар оор күч келди деп, токтоп калуу деген болбосун. Алдыңкы делген IT кызматкерлерин салык тармагынын ишине тартыңыздар», – деди Акылбек Жапаров.   

Жыйында салыктык башкарууну санариптештирүүгө багытталган иштерди жогорулатуу үчүн атайын каражат бөлүнөөрү айтылды. Ошондой эле, бардык базарлар жана коомдук транспорттор үстүбүздөгү жылдын 1-июнуна карата жеткиликтүү деңгээлде санариптештирилет.

Мындан тышкары окуңуз

Угуу мүмкүнчүлүгү чектелген кыргызстандыктар 20 млн сомдон ашык акчага алданышкан

Угуу мүмкүнчүлүгү чектелген кыргызстандыктар 20 млн сомдон ашык акчага алданышкан

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев угуу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга карата бир катар алдамчылык фактылары катталганын билдирди. Анын айтымында, бул иштер боюнча келтирилген зыян 20 миллион сомдон ашат. Парламентарийдин маалыматына ылайык, угуу мүмкүнчүлүгү чектелген 30дан ашык адам бири-бирине каршы арыз жазып, алар алдамчылык фактылары катары катталган. Сөз 2023–2025-жылдар аралыгындагы окуялар

Ак-Суу районунда жазгы талаа иштери башталды

Ак-Суу районунда жазгы талаа иштери башталды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жазгы талаа иштери башталды. Аталган райондо жалпысынан 45977 гектар айдоо жери болсо, учурда 24483,5 гектары айдалды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Аталган жалпы айдоо аянтынын ичинен 618 гектарын сарымсак, 1558 гектары күздүк айдоо болсо, 6351 гектар жаздык буудай, 12509

Тоң районунда 98 млн сомго мектеп курулду

Тоң районунда 98 млн сомго мектеп курулду

Курулуш министрлиги тарабынан Тоң районунун Ала-Баш айылында 550 окуучуга ылайыкталган заманбап мектеп курулду. Учурда мектептин айланасына асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, долбоорго ылайык, имараттын жалпы аянты 1996 чарчы метрди түзөт. Мектепте заманбап окуу класстары, дарыгердин бөлмөсү, китепкана, ашкана, лаборатория, балдар

Зергерчилик өнөр жайын колдоого МинКаб 87,1 млн сом жумшайт

Зергерчилик өнөр жайын колдоого МинКаб 87,1 млн сом жумшайт

Тиешелүү №276-т буйрукка 2026-жылдын 22-апрелинде Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Документ ата мекендик зергерчилик тармагын өнүктүрүү жана модернизациялоо, Кыргызстанда өндүрүлгөн зергер буюмдардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана тармактагы ишканалардын өндүрүш кубаттуулугун кеңейтүү максатында кабыл алынган. Буйрукка ылайык, Финансы министрлигине Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети менен макулдашуу аркылуу долбоорду ишке ашыруу