Баткен облусу 2023-жылы 1 млрд сомго каржыланган

Баткен облусу 2023-жылы 1 млрд сомго каржыланган

Бюджеттер аралык трасферттер Баткен облусу 2023-жылы 1 млрд сомго каржыланган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Каражаттар төмөнкүдөй бөлүнгөн:

·      теңдөөчү трансферт – 328.4 млн сом;

·      айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 32.1 млн сом;

·      электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 45.4 млн сом;

·      жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 13.6 млн сом;

·      бирдиктүү салык компенсациясына – 50.1 млн сом.

Мындан тышкары, Баткен облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды  каржылоого республикалык бюджеттен – 14.9 млн сом бөлүнүп берилди.

Ошондой эле, мамлекеттик программасына 500 млн сом, компенсация 39 млн сом каржыланды. 

Мындан тышкары окуңуз

Чакан жана орто бизнестин ИДПдагы үлүшү 51%га чейин өстү

Чакан жана орто бизнестин ИДПдагы үлүшү 51%га чейин өстү

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жана колдоо маселелерине арналган жыйын өткөрдү. Иш-чарага мамлекеттик органдардын жана каржы институттарынын өкүлдөрү катышты. Ал белгилегендей, чакан жана орто бизнес өлкө экономикасынын негизги кыймылдаткычы болуп саналат. "Акыркы 3 жылда чакан жана орто бизнестин ИДПдагы үлүшү 40%дан 51%га

Кылычбек Султан элчилик кызматтан бошотулду

Кылычбек Султан элчилик кызматтан бошотулду

Кылычбек Султан берген арызына ылайык Кыргызстандын Пакистан Ислам Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Президент Садыр Жапаров тиешелүү жарлыкка кол койду. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook,

Жаш Гвардия бульварын көрктөндүрүүгө 354,5 млн сом бөлүнөт

Жаш Гвардия бульварын көрктөндүрүүгө 354,5 млн сом бөлүнөт

Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Капиталдык курулуш башкармалыгы Жаш Гвардия бульварын Жибек Жолу проспектисинен Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнө чейин көрктөндүрүү боюнча тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, бул иштерге 354 млн 554 миң 196 сом бөлүү пландалууда. Тендердик арыздар 2026-жылдын 30-апрелинде саат 17:00гө чейин кабыл алынат. Бульварды көрктөндүрүү иштери

"Чакан ГЭС" Лебединовка ГЭСин реконструкциялоону баштайт

"Чакан ГЭС" Лебединовка ГЭСин реконструкциялоону баштайт

Кыргызстанда энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана модернизациялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Анын алкагында "Чакан ГЭС" ААК Лебединовка ГЭСин реконструкциялоону жүргүзүүдө. Долбоордун жалпы баасы 13,8 млн еврону түзөт, анын 8,8 млн евросу кредиттик каражат болсо, 5 млн евросу грант болуп саналат. Каржылоо Финансы министрлиги жана