Анвар Абдраев: Жаңы технологиялар менен кошо жаңы тобокелдиктер дагы пайда болууда

Анвар Абдраев: Жаңы технологиялар менен кошо жаңы тобокелдиктер дагы пайда болууда

Каржы технологияларынын өнүгүшү жана киберкоопсуздукту камсыз кылуу бүгүнкү күндө дүйнөлүк каржы секторундагы эң актуалдуу маселелердин бири болуп саналат. Бул тууралуу BIFF 2026 Бишкек эл аралык каржы форумунун уюштуруучуларынын бири, Кыргызстандын Банктар союзунун президенти Анвар Абдраев "Ишкер Медиа" сайтына билдирди.

Анын айтымында, форумдун негизги максаты — ар кайсы өлкөлөрдүн өкүлдөрүн бир аянтчага чогултуп, каржы секторундагы көйгөйлөрдү жана аларды чечүүнүн натыйжалуу жолдорун талкуулоо.

"Бизди биринчи кезекте финансылык технологиялардын өнүгүшү жана киберкоопсуздук маселелери кызыктырат. Бүгүн бул темалар дүйнөнүн бардыкАнвар Абдраев: Жаңы технологиялар менен кошо жаңы тобокелдиктер дагы пайда болуудаөлкөлөрү үчүн актуалдуу болуп жатат. Ошондуктан форумдун алкагында ар кандай мамлекеттер бул көйгөйлөрдү кандай чечип жатканын талкуулап, тажрыйба алмашууга аракет кылып жатабыз", — деди Абдраев.

Анын айтымында, форумдун негизги өзгөчөлүгү — жарнамалык баяндамалардан көрө ачык диалогго жана тажрыйба алмашууга басым жасалганында. Уюштуруучулар катышуучуларды тармактагы актуалдуу көйгөйлөрдү талкуулап, аларды чечүүнүн практикалык жолдорун биргелешип издөөгө чакырышкан. Мындай формат каржы секторундагы негизги чакырыктар боюнча пайдалуу пикир алмашууга жана жаңы идеялардын жаралышына өбөлгө түзөт.

Анвар Абдраевдин айтымында, санариптик технологиялардын өнүгүшү менен бирге финансылык коопсуздук маселеси дагы өзгөчө мааниге ээ болуп калды. Себеби кардарлардын банк системасына болгон ишеними эң баалуу капиталдардын бири болуп саналат.

"Ишенимди жоготуу абдан оңой. Кардардын эсебинен бир сомбу же миллион сомбу айырмасы жок, акча мыйзамсыз чыгарылып кетсе, бул чоң жоготуу болуп эсептелет. Ошондуктан банк сектору бүгүн киберкоопсуздукка өзгөчө көңүл буруп жатат. Банктар көп жылдар бою түзгөн кардарлардын ишенимин бир күндө жоготуп албоого аракет кылууда", — деп белгиледи ал.

Абдраев ошондой эле жаңы технологиялардын өнүгүшү менен катар жаңы коркунучтар дагы көбөйүп жатканын айтты. Анын белгилешинче, киберкылмышкерлер дагы заманбап технологияларды, анын ичинде жасалма интеллектти колдонуп, жарандардын акчасын жана жеке маалыматтарын уурдоого аракет кылып жатышат.

"Канчалык жаңы технологиялар өнүксө, ошончолук жаңы тобокелдиктер дагы пайда болот. Бүгүн алдамчылар дагы ошол эле технологияларды жана жасалма интеллектти колдонуп, адамдардын каражатына жетүүгө аракет кылып жатышат", — деди ал.

Анын пикиринде, мындай шартта банктар, жөнгө салуучулар жана технологиялык компаниялар ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү жана тажрыйба алмашуу өзгөчө мааниге ээ.

"Ишкер Медиа" сайты – BIFF 2026 Бишкек эл аралык каржы форумунун расмий маалыматтык өнөктөшү. Форум 29-майда Бишкек шаарында өтүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн