Акылбек Жапаров «Почта банкты» түзүү боюнча кытайлык компания менен жолугушту

Акылбек Жапаров «Почта банкты» түзүү боюнча кытайлык компания менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Почта-банкын» ачуу перспективаларын талкуулоо боюнча  кытайлык Sichuan Hongxinde Equity Investment Fund Management Co., Ltd компаниясы менен жолугушту. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Белгиленгендей, 2023-жылдын 19-августунда «Кыргыз почтасы» ачык акционердик коому менен Sichuan Hongxinde Equity Investment Fund Management Co., Ltd. ортосунда кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумга кол коюлган.  2024-жылдын январында тараптар ортосунда биргелешкен инвестициялоо боюнча алкактык келишимге кол коюлган.

Почта банкы ачылгандан кийин КРнын аймагында бизнес-процесстерди автоматташтыруу жана санариптештирүү, жарандар үчүн жеткиликтүү социалдык-багытталган көп функционалдуу калкты жана ишкерлерди тейлөө борборлорун түзүү аркылуу «Кыргыз почтасы» ААКга таандык объекттерди модернизациялоо, реконструкциялоо же куруу ишке ашырылат.

Тараптар биргелешкен долбоорду ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кеңири курамдагы жыйынына катышууда

Садыр Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кеңири курамдагы жыйынына катышууда

Президент Садыр Жапаров 29-майда, Астана шаарында өтүп жаткан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кеңири курамдагы жыйынында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына жарыяланды. Маалыматка караганда, Садыр Жапаров сөзүнүн башында Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевди жана казак элин конституциялык реформанын ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө атаандаштык технологияларга жетүү үчүн

Анвар Абдраев: Жаңы технологиялар менен кошо жаңы тобокелдиктер дагы пайда болууда

Анвар Абдраев: Жаңы технологиялар менен кошо жаңы тобокелдиктер дагы пайда болууда

Каржы технологияларынын өнүгүшү жана киберкоопсуздукту камсыз кылуу бүгүнкү күндө дүйнөлүк каржы секторундагы эң актуалдуу маселелердин бири болуп саналат. Бул тууралуу BIFF 2026 Бишкек эл аралык каржы форумунун уюштуруучуларынын бири, Кыргызстандын Банктар союзунун президенти Анвар Абдраев "Ишкер Медиа" сайтына билдирди. Анын айтымында, форумдун негизги максаты — ар кайсы өлкөлөрдүн өкүлдөрүн

1-июндан тарта Россияга товар алып кирүүнүн эрежелери күчүнө кирет

1-июндан тарта Россияга товар алып кирүүнүн эрежелери күчүнө кирет

2026-жылдын 1-июнунан тартып Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Россия Федерациясынын аймагына товарларды алып кирүүнүн жаңы эрежелери күчүнө кирет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалыматка таянсак, товарларды Россия Федерациясына экспорттоодо тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары жеткириле турчу товарлар жөнүндө электрондук документти тариздөө кабыл алуучу тарап – башкача айтканда, россиялык импорттоочу тарабынан жүргүзүлөрүн

Адылбек Касымалиев тоо-кен тармагында иш жүргүзгөн кытайлык инвесторлорду кабыл алды

Адылбек Касымалиев тоо-кен тармагында иш жүргүзгөн кытайлык инвесторлорду кабыл алды

29-майда Министрлер Кабинетинин Адылбек Касымалиев тоо-кен тармагында иш жүргүзгөн “Hunan Global South Industry” кытайлык компаниянын өкүлү Хэ Руцю баштаган инвесторлорду кабыл алды.  Президенттик админстрациянын маалыматына караганда, жолугушууда Кыргызстандын аймагында геологиялык чалгындоо долбоорлорун ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрүн кароо маселелери сүйлөшүлдү.  Инвесторлор геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө, инфраструктураны өнүктүрүүгө, кадрлард