Жеңил өнөр жайындагы бир катар товарларга маркировка коддорун алууга болот

Жеңил өнөр жайындагы бир катар товарларга маркировка коддорун алууга болот

Салык кызматы 2024-жылдын 1-апрелинен тартып Россиянын аймагында бир катар жеңил өнөр жай товарлары милдеттүү түрдө маркалоого тийиш экендигин билдирет. Бул тууралуу кызмат билдирди.

Экспортерлор жана өндүрүүчүлөр Россиянын аймагында милдеттүү түрдө маркалоого тийиш болгон жеңил өнөр жайынын жаңы товардык топтору боюнча  маркалоо коддоруна заказ бериши керек.

Жеңил өнөр жайынын жаңы товардык топтору боюнча маркалоо коддорун Улуттук маркалоо жана маркаланган товарларын көзөмөлдөө боюнча операторунун main.teksher.kg сайтынан заказ берсе болот.

Мындан тышкары, «Атыр жана даараткана сууларына», «Фотоаппараттарга жана лампа-жарыктарына», «Бут кийимдерге» жана «Сүт азыктарына» маркалоо коддорун алууга болот.

Маркалоо коддорун алуу жөнүндө толук маалыматты main.teksher.kg сайтынан алууга болот.

Read more

Жыл башынан бери «Альянс Алтындын» салык төлөмдөрү 6.2 млрд сомду түздү

Жыл башынан бери «Альянс Алтындын» салык төлөмдөрү 6.2 млрд сомду түздү

2024-жылдын январь-сентябрь айларында Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» кен казуучу компаниясы бюджетти дээрлик 6.2 млрд сомго толуктаган. Сентябрь айында салык төлөмдөрү 767 млн сомдон ашты. Бул тууралуу компания Economist.kgге билдирди. «Альянс Алтын» белгилегендей, алтынды сатуудан түшкөн салык отчеттук мезгилде дээрлик 5 млрд сомго жеткен. Ал эми сентябрь

«Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандагы ТОП-5 мыкты ишканалардын катарына кирди

«Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандагы ТОП-5 мыкты ишканалардын катарына кирди

«Альянс Алтын» тоо-кен казуучу компаниясы Кыргызстандагы ТОП-5 мыкты ишканалардын катарына кирди. Рейтинг Улуттук статистика комитетинин расмий сайтында жарыяланды. Мекеменин маалыматы боюнча, ишкана престиждүү республикалык көрсөткүчтө төртүнчү орунду ээлеген. «Альянс Алтын» белгилегендей, бул жетишкендик компаниянын тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө умтулуусу жана өлкөнүн экономикасына жигердүү салымынын аркасында мүмкүн болду.

Элдик комиссия Жерүйгө барды

Элдик комиссия Жерүйгө барды

2024-жылдын 19-сентябрында «Альянс Алтын» компаниясынын демилгеси менен «Жерүй» кенин иштетүүнү көзөмөлдөө боюнча элдик комиссиянын төрагасы Айдарбек Момунтаев баштаган делегация алтын ылгоочу фабриканын калдык сактоочу жайынын экинчи баскычынын курулуш процесси менен таанышышты. Бул тууралуу ишкана билдирди. Делегация компаниянын өкүлдөрү менен кошо биринчи баскычтагы калдык сактоочу жайды карап чыгып, андан соң экинчи

Жыл башынан бери «Альянс Алтын» бюджетти 4.3 млрд сомго толуктады

Жыл башынан бери «Альянс Алтын» бюджетти 4.3 млрд сомго толуктады

2015-жылдан 2024-жылдын май айына чейин «Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын бюджетине 20.46 млрд сом салык төлөдү. Алардын ичинен 2024-жылдын август айында 814.6 млн сом төлөнүп, жыл башынан бери бул сумма 4.3 млрд сомду түздү. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Мындан тышкары, 2021-жылдын апрелинен 2024-жылдын май айына чейин