Күйүүчү-майлоочу майлар рыногундагы ички рынокто баанын абалы туруктуу

Күйүүчү-майлоочу майлар рыногундагы ички рынокто баанын абалы туруктуу

Экономика жана коммерция министрлиги ички рынокто баанын абалы туруктуу экенин билдирди. 2024-жылдын 14-мартына карата республика боюнча АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы 62.1 сом/литр, дизель майы 70.6 сом/литрди түздү. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу арзан.

Үстүбүздөгү жылдын 14-мартына карата ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде күйүүчү-майлоочу майлардын орточо салыштырма баасы, сом/л

          (Улуттук банктын 2024-жылдын 14-мартына карата курсу боюнча)


Кыргызстан

Казахстан

Россия

Беларусь

Армения

Таджикистан

Узбекистан

Аи-92

62,1

40,8

49,5

63,0

109,0

81,6

76,7

Аи-95

69,2

52,7

54,2

65,8

117,9

93,0

95,9

Дт

70,6

58,6

63,4

65,8

120,1

93,0

94,4

Кыргызстандын ички рыногу менен дүйнөлүк рыноктун ортосундагы баанын айырмасы ар кайсы мамлекеттердеги салыктардын жана субсидиялардын айырмачылыктары менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын импорттоочулары күйүүчү-майлоочу майларды Индикативдик баланстын шарттарында ташып келүүсү менен түшүндүрүлөт.

Учурда республикада күйүүчү-майлоочу майдын жетиштүү запастары бар, бул өз кезегинде рынокто баанын турукташуусуна оң таасирин тийгизүүдө.

Кыргыз Республикасынын мунай продуктыларына болгон жылдык керектөө болжол менен 1,4 миллион тоннаны түзөт.

Орточо суткалык керектөө: бензин – 1781 тонна, дизель майы 1507 тонна (бардыгы 3288 тонна).

Ушул жылдын 13-декабрында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы (МЖК) менен Нефтетрейдерлер ассоциациясынын ортосунда кызматташуу боюнча келишим түзүлдү.

Кыргызстандын нефтетрейдерлери республиканын калкынын таламдарын эсепке алуу менен, күйүүчү-майлоочу майлар менен адилеттүү баада туруктуу камсыз кылуу, ошондой эле алардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө үчүн социалдык жоопкерчиликти көрсөтүү менен:

- тышкы факторлорду жана монополияга каршы мыйзамдардын талаптарына ылайык келүүгө тийиш болгон ички саясатын эске алуу менен мунай продуктуларынын калк үчүн баасын жана физикалык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга;

- мунайзаттарын сатууда керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын бузууга жол бербөөгө;

- мунай продуктуларынын зарыл запастарын камсыз кылуу жана алардын ички рынокто тартыштыгын болтурбоо.

Түзүлгөн Макулдашуунун алкагында САР анын аткарылышына туруктуу негизде мониторинг жүргүзөт.

Ошондой эле кошумчалай кетсек, бүгүн МЭКтин алдындагы АКК күйүүчү-майлоочу май рыногундагы кырдаал боюнча нефтетрейдерлер менен жыйын өткөрүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте №42 мектепке 385 орундуу кошумча корпус курулууда

Бишкекте №42 мектепке 385 орундуу кошумча корпус курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарында курулуп жаткан билим берүү объектилерин кыдырып, №42 мектептин 385 орундуу жаңы окуу корпусунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка таянсак, объекттин курулушу 2026-жылдын март айында башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Долбоорго ылайык, үч кабаттуу

Өзбекстандан Кыргызстандын карамагына эки айыл өттү

Өзбекстандан Кыргызстандын карамагына эки айыл өттү

Бүгүнкү күндө Өзбекстан менен чек араларды демаркациялоо маалында мурда Өзбекстанга тиешелүү болуп келген эки айыл жашоочулары менен кошо (болжол менен 2500 адам) Кыргызстанга өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы билдирди. Маалыматка ылайык, мурда Фергана облусуна караштуу болуп келген Чоңгара жана Таш-Төбө айылдары Кыргызстандын карамагына өттү. Бул айылдарда этникалык

Баткенде мигранттардын долбоорлору аркылуу 100дөн ашык жумуш орду түзүлдү

Баткенде мигранттардын долбоорлору аркылуу 100дөн ашык жумуш орду түзүлдү

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов Эл аралык миграция уюмунун Кыргызстандагы жана Казакстандагы өкүлдөрү менен жолугушту. Өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, делегация Баткенге Улуу Британиядан кайтып келген эмгек мигранттарынын ишкердик демилгелерин колдоо долбоорунун жыйынтыгын карашты. 2023–2025-жылдары “1+1” механизми аркылуу мекенге кайтып келген 59 жарандын бизнес-пландары каржыланып, алардын 39у

Баткенде селдин кесепетинен ичүүчү суу токтотулду

Баткенде селдин кесепетинен ичүүчү суу токтотулду

22-июнда Баткен шаарында катуу сел жүргөндөн кийин тургундар борборлоштурулган суу менен камсыздоодон убактылуу ажырашты. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты. Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, нөшөрлөгөн жаандан жана анын кесепетинен электр энергиясынын өчүшүнөн улам шаардык резервуарларга суу жетиштүү көлөмдө топтолбой калган. Ушуга байланыштуу шаар боюнча ичүүчү сууну берүү убактылуу токтотулду.