Жыл башынан бери Чүй облусу 138.6 млн сомго каржыланды
Чүй облусу боюнча 2024-жылдын 2 айында республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 52.4 млн сом өлчөмүндө каржыланган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Анын ичинен:
· теңдөөчү трансферт – 44 млн сом;
· айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 7.9 млн сом;
· электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 0.5 млн сом;
Мындан тышкары, Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен – 86.2 млн сом бөлүнүп берилди.