Салык кызматы салык төлөөчүлөр менен өз ара иштешүүнү жеңилдетүү үчүн жаңы инструменттерди ишке киргизди

Салык кызматы салык төлөөчүлөр менен өз ара иштешүүнү жеңилдетүү үчүн жаңы инструменттерди ишке киргизди

Салык кызматы салык төлөөчүлөр менен өз ара иштешүүнү жакшыртууга багытталган жаңы сервистерди тестирлөөгө даяр экендигин билдирет.

Алсак, Салык кызматы менен бизнес тармагынын маалымат алмашуу процессин оптималдаштыруу, ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн ортосундагы өз ара иштешүүнү жөнөкөйлөтүү, товарлардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн эсебин жүргүзүү системасынан электрондук эсеп-фактураларды жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды жөнөтүү жана алуу боюнча сервистер иштелип чыккан.

Бул система салык органынын маалыматтык системаларын колдонууну талап кылбагандыктан эсептөөчү жана коштоочу документтер менен иштөөдө убакытты жана ресурстук чыгымдарды үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Салык кызматы эсеп системаларынын жана башка санариптик платформалардын кызыкдар операторлорун көрсөтүлгөн сервистерди тестирлөөгө жана аларды андан ары ишке киргизүүгө катышууга чакырат.

Жаңы сервистерди тестирлөөгө кирүү мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн Салык кызматына коштоочу программалык продуктуга ээ болуу же эсеп системасынын лицензиялык программалык камсыздоосун колдонуу укугун тастыктаган документтери тиркелген кат менен кайрылуу зарыл.

Мындан тышкары окуңуз

Ноокен районундагы Коммунизм –Коминтерн жолуна асфальт төшөлдү

Ноокен районундагы Коммунизм –Коминтерн жолуна асфальт төшөлдү

Ноокен районундагы Коммунизм – Коминтерн унаа жолуна эки тараптуу асфальт төшөлүп бүттү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 5 чакырым аралыгына эки тараптуу асфальт төшөө иштери каралып, курулуш иштери №51 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан аткарылды.  Союз мезгилинен бери

Кыргызстан экономикасын жыл сайын кеминде 8%га өстүрүүнү максат кылууда

Кыргызстан экономикасын жыл сайын кеминде 8%га өстүрүүнү максат кылууда

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Евразия өнүктүрүү банкынын "Евразия 2030+: инвестициялар, өсүш жана жаңы мүмкүнчүлүктөр" аттуу пленардык жыйында сөз сүйлөдү. Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара Евразия өнүктүрүү банкынын 20 жылдыгына арналып, Алматыда өткөн банктын жылдык жыйынынын уландысы болду. Бакыт Сыдыков Кыргызстан "Евразия 2030+

Бишкектин айрым жерлеринде газ өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде газ өчүрүлөт

Бишкек шаарынын айрым жерлеринде 29-июндан 2-июлга чейин жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Бишкекгаз" кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, газ берүү төмөнкү даректерде өчүрүлөт: Кызыл-Аскер району: Сары-Челек, Ала-Арча, Кыргыз, Логвиненко, Курманалиев, Жашыл, Жаңы, Колхоз жана Заводской көчөлөрү, ошондой эле айланма жолдун тегерегиндеги аймактар;

Чаткалдын Курулуш айылына 21 млн сомго маданият үйү курулуп баштады

Чаткалдын Курулуш айылына 21 млн сомго маданият үйү курулуп баштады

26-июнда Чаткал районунун Курулуш айылында жаңы маданият үйүнүн курулушуна мезгил кутучасын салуу аземи болуп өттү. Иш-чарага район акими Алтынбек Сеңирбаев катышып, бул долбоор аймактын социалдык жана маданий өнүгүүсү үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Бул тууралуу аталган райондун админстрациясынан маалымдашты. Маалыматка ылайык, жаңы маданият үйүнүн курулушу мамлекеттин аймактарды