Ош облусу 2024-жылы 200 млн сомго каржыланган

Ош облусу 2024-жылы 200 млн сомго каржыланган

Ош облусу боюнча 2024-жылдын 12 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 148.6 млн сом өлчөмүндө каржыланган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Каражаттар төмөнкүдөй бөлүнгөн:

·      теңдөөчү трансферт – 129.6 млн сом;

·      айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 11.3 млн сом;

·      электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 7.7 млн сом;

Мындан тышкары, Ош облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен – 51.4 млн сом бөлүнүп берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Лейлектин Катран айылында ичүүчү суу системасы курула баштады

Лейлектин Катран айылында ичүүчү суу системасы курула баштады

Лейлек районунун Катран айылында “Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында жаңы ичүүчү суу системасын куруу иштери активдүү башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Долбоордун негизги максаты — айыл тургундарын коопсуздук талаптарына жооп берген, туруктуу жана сапаттуу суу менен камсыз кылуу.

Май айы DemirBank менен — аракетке өтүү убактысы!

Май айы DemirBank менен — аракетке өтүү убактысы!

Май майрам күндөрү — пландарыңызды ишке ашырууга эң ылайыктуу учур: саякат, оңдоо иштери, ири сатып алуулар. Жазгы акциянын алкагында DemirBank онлайн-кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөттү, эми сиз бардык пландарыңызды азыр эле ишке ашыра аласыз. 31-майга чейин гана: онлайн-кредит жылдык 18,99%дан баштап жана 200 000 сомго чейин — түз эле телефонуңузда.

ИӨБ 80 млн долларлык долбоорду жеңилдетилген насыя менен каржылайт

ИӨБ 80 млн долларлык долбоорду жеңилдетилген насыя менен каржылайт

2026-жылдын 29-апрелинде Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Ислам өнүктүрүү банкынын(ИӨБ) миссиясы менен жолугушуу өткөрдү. Делегацияны доктор Фарид Ахмед Хан жетектеди. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттык сактоо объекттерин модернизациялоо долбоорун ишке ашырууну талкуулашты. Долбоордун болжолдуу каржылоо көлөмү жеңилдетилген насыя шарттары менен 80 млн долларды түзөт. Анын алкагында Ош шаарында онкологиялык борборду

Тепке-Каракол жолуна асфальт төшөлүүдө

Тепке-Каракол жолуна асфальт төшөлүүдө

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Тепке - Курбу - Жылдыз – Каракол унаа жолунда асфальт төшөө иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу “Кыргызавтожол-Түндүк” мекемесинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, жалпы 3 чакырым жолго асфальт төшөө иштери каралган. Учурда 16,2 -17,5-чакырым аралыгындагы 1,3 чакырымына бир тараптуу асфальт төшөлүүдө.