370 миңден ашык салык төлөөчү салык декларациясын тапшырды

370 миңден ашык салык төлөөчү салык декларациясын тапшырды

18-мартка карата 370 миң 110 салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды, анын 363 миң 95и электрондук түрдө тапшырууну туура көрүштү. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Тапшыргандардын ичинен 32 миң 812 юридикалык жактар, 76 миң 41 жеке ишкер, 209 миң 515 жеке жак, ошондой эле 51 миң 742 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер. 

Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү салык декларацияны кийинкиге калтырбастан мөөнөтүнөн мурда тапшырууга чакырат. 

Эскерте кетсек, 1-апрелге чейин  БСДны юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар салык декларациясын тапшырууга милдеттүү. 

Ал эми 1-майга чейин салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырышы керек: 

·      жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер; 

·      менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар; 

·      юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар; 

·      мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган, илимий-изилдөө, чыгармачылык, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана калкты тейлөө боюнча аткаруу-тескөө функциялары менен байланышпаган башка иштерди жүзөгө ашыруучу мекемелердин, ишканалардын же уюмдардын кызматкерлери; 

·      мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери; 

·      эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар; 

·      жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жак. 

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Мындан тышкары окуңуз

“Манас” аба майданына барчу жолдун жээгиндеги теректер кыйылууда

“Манас” аба майданына барчу жолдун жээгиндеги теректер кыйылууда

“Манас” эл аралык аба майданына барчу жолду оңдоп-түзөө иштеринин алкагында 650 карагай жана 20 туя көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу “Кыргызстандын аэропорттору” ишканасынан билдирди. Компаниянын маалыматында, долбоор ишке ашкан сайын бак-дарактарды көчүрүү иштери улантылат жана мындан ары бак-дарактарды кыюу пландалбаганын такташты. Компания жолду оңдоо иштери Бишкек шаардык мэриясы

Баатыр энелерге берилчү төлөмдү 5 миң сомго жеткирүү каралууда

Баатыр энелерге берилчү төлөмдү 5 миң сомго жеткирүү каралууда

Баатыр энелерге ай сайын берилүүчү кошумча төлөмдү 5000 сомго жеткирүү сунушталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев журналисттер үчүн өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, тиешелүү мыйзам долбоорунун алкагында баатыр энелерге төлөмдөрү бирдей суммада болот. Учурда пенсия курагындагы баатыр энелер 1000 сом, ал эми жөлөк пул алгандар 3000 сом

2025-жылы Кыргызстанда QR төлөмдөрүнүн көлөмү 900 млрд сомдон ашкан

2025-жылы Кыргызстанда QR төлөмдөрүнүн көлөмү 900 млрд сомдон ашкан

Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшү өсүп, QR-код аркылуу жүргүзүлгөн операциялардын саны жана көлөмү рекорддук көрсөткүчтөргө жеткен. Бул тууралуу Улуттук банктын 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча маалыматта белгиленген. Билдирүүлөргө караганда, былтыркы жылы 2024-жылга салыштырмалуу QR-код аркылуу жүргүзүлгөн акча которуулардын саны 8,1 эсеге көбөйүп, 525,1 млн операцияны

Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга тарады

Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга тарады

25-июнда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи сессиясы жыйынтыкталды. Жыйын Кыргызстандын гимни менен аяктады. Баш мыйзамдын 83-беренесине, Жогорку Кеңештин Регламентинин 32-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары жыйналыш түрүндө өтөт жана сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин уланат. Парламент төрагасы Марлен Маматалиев билдиргендей, сессиянын жүрүшүндө