Эки айдын ичинде бирдиктүү салыктын негизинде 2.1 млрд сом салык чогултулду

Эки айдын ичинде бирдиктүү салыктын негизинде 2.1 млрд сом салык чогултулду

Салык кызматы январь-февраль айларында бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча 2 млрд 172.8 млн сом салык чогултту. 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 млрд 267.8 млн сомго көп жыйналган. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Ошондой эле салык салуунун бул системасын колдонгон салык төлөөчүлөрдүн саны да өсүүдө.  2024-жылдын 1-мартына карата бирдиктүү салыкты төлөөчүлөрдүн саны 174 миң 447ни түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 80 миң 841 субъектке көп.

Эскерте кетсек, товарларды, жумуштарды сатуу жана кызмат көрсөтүү менен алектенген жеке ишкерлер 2022-жылдан баштап 0%дык ставка боюнча салык төлөй алышат. Ошондой эле алар 2022-жылдан тартып бирдиктүү салык боюнча отчет тапшыруудан бошотулушкан.

Белгилей кетсек, эгерде жеке ишкер көрсөтүлгөн убакта кайрадан катталса же башка салыктык режимден салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасына өтсө, бул ставканы колдоно алат. Бул учурда ал сөзсүз ККМди колдонууга милдеттүү, ал эми түшкөн акчанын көлөмү акыркы 12 айда 15 млн сомдон ашпоого тийиш.

Бирдиктүү салыктын негизинде иш жүргүзгөн тигүү өндүрүшүнүн субъекттери үчүн 2027-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө 5 жыл ичинде түшкөн акчадан 0,25% өлчөмүндө төмөндөтүлгөн ставка каралган. Мындан сырткары, тигүү өндүрүшүнүн субъекттеринде бул тармакта иш жүргүзүү үчүн түшкөн акчанын көлөмү боюнча чектөө жок.

Белгилей кетсек, бирдиктүү салык системасы салыктын үч түрүн (киреше салыгын, сатуу салыгын жана салык салынуучу берүүлөргө КНСти) алмаштырат жана эски патенттик салык салуу системасы үчүн мыкты альтернатива болуп саналат, бул чакан жана орто бизнеске тиешелүү салыктар төлөнгөн кирешелерди мыйзамдаштырууга мүмкүндүк берет.

1-июлдан баштап патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү жокко чыгарылат. Соода ишинин субъекттери альтернатива катары жөнөкөйлөтүлгөн бирдиктүү салык системасын тандай алышат.

Мындан тышкары окуңуз

Кадамжайдын 7 айылы таза суу менен камсыз болот

Кадамжайдын 7 айылы таза суу менен камсыз болот

Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын 7 айылы таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Кыргызстан менен Дүйнөлүк Банктын ортосундагы макулдашууларга ылайык, аталган банктын каржылоосу менен, “Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында, Кыргызстандын

Нарында 122 млн сомго мектеп, бала бакча оңдолууда

Нарында 122 млн сомго мектеп, бала бакча оңдолууда

Нарын шаарындагы №7 М.Сыдыков атындагы орто мектеп 106 миллион сомго жана "Ынтымак" бала бакчасы 16 миллион сомго республикалык бюджеттин эсебинен капиталдык оңдоодон өтүп жатат. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Нарын шаарынын мэринин орун басары Элмира Турганбаева аталган билим берүү мекемелерин оңдоо иштеринен кабар алып,

Кыргызстан менен ЮНИСЕФ социалдык кызматтарды жакшыртууга көңүл бурат

Кыргызстан менен ЮНИСЕФ социалдык кызматтарды жакшыртууга көңүл бурат

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа менен жолугушту. Жолугушууда Улан Маматканов ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү социалдык саясат, балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо багытында ишке ашырып жаткан долбоорлорго жогору баа берди. Ал өлкөдө үй-бүлөнү колдоо, зомбулуктун алдын алуу, социалдык кызматтарды

Кеминдеги Тар-Суу – Тегирменти жолу оңдолууда

Кеминдеги Тар-Суу – Тегирменти жолу оңдолууда

Кемин районунун акими К.Тутуев Карал-Дөбө айылына баруучу Тар-Суу – Тегирменти автожолунда жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Кемин райондук админстрациясынын маалыматына ылайык, учурда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы узундугу 4 чакырым болгон жолго асфальт төшөө иштери жүргүзүлүүдө. Район акими курулуш иштеринин сапатына жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүлүшүнө өзгөчө