Акылбек Жапаров Эл аралык каржы корпорациясынын аймактык вице-президенти Хела Шейхроуху менен жолугушту

Акылбек Жапаров Эл аралык каржы корпорациясынын аймактык вице-президенти Хела Шейхроуху менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанга биринчи жолу иш сапары менен келген Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) Жакынкы Чыгыш, Борбордук Азия, Түркия, Афганистан жана Пакистан боюнча аймактык вице-президенти Хела Шейхроуху  менен жолугушту.

Минкаб башчысы IFC менен биргеликте ишке ашырылып жаткан долбоорлор өлкөнүн экономикасына олуттуу оң таасирин тийгизип жатканын баса белгиледи.

Тараптар 2024-жылдын биринчи чейрегинде экономикасы болуп көрбөгөндөй 8,8% өскөн Борбордук Азиядагы жана Кыргызстандын экономикалык абалын талкуулашты. Мындай көрсөткүчтөргө КР министрлер кабинетинин салыктык башкарууну жакшыртуу жана санариптик технологияларды киргизүү жана акча-кредит саясатынын инструменттеринин кеңири спектрин колдонуу боюнча жигердүү ишинин аркасында жетишилгени белгиленди.

Талкуунун маанилүү темасы Камбар-Ата ГЭС-1 курулуш долбоорун ишке ашыруу болду,

«Бул станциянын эффективдүү иштеши Токтогул суу сактагычынын суу ресурстарын жайкы мезгилде топтоп, Өзбекстан менен Казакстандын сугат суусуна болгон муктаждыгын канааттандыруу үчүн сарамжалдуу пайдаланууга мүмкүндүк берет.
Бир жагынан глобалдык климаттык чакырыктарды, экинчи жагынан өлкөнүн финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен Кыргыз Республикасы жеке жана мамлекеттик секторлор үчүн тобокелдиктерди азайтуу үчүн жеке капиталды мобилизациялоо жана консультациялык кызматтарды көрсөтүү боюнча IFC саясатын кубаттайт», – деди Акылбек Жапаров.

Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) Жакынкы Чыгыш, Борбордук Азия, Түркия, Афганистан жана Пакистан боюнча аймактык вице-президенти Хела Шейхроуху  өз кезегинде өлкө үчүн энергетика жана жеке секторду колдоо сыяктуу артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташууну тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал ошондой эле уюмдун Кыргызстанда кеңсесин ачуу боюнча келишимге кол коюлганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Майыптыгы бар жарандардын мамлекеттик кызматка иштөөсүнө жол ачылды

Майыптыгы бар жарандардын мамлекеттик кызматка иштөөсүнө жол ачылды

Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам 2026-жылдын 4-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты майыптыгы бар адамдарга мамлекеттик кызматка кирүүсүнө шарт түзүлөт. Мыйзам менен “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамга төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү

Бишкек шаарында суунун баасы кымбаттады

Бишкек шаарында суунун баасы кымбаттады

Бишкекте муздак суунун баасы көтөрүлдү. Бул чечимди Бишкек шаардык кеңеши кабыл алды. Маалыматка ылайык, суунун бир куб метринин баасы 10,45 сомдон 15,73 сомго чейин, ал эми канализация үчүн 3,45 сомдон 6,80 сомго чейин көтөрүлдү. Бишкек шаардык кеңешине суу менен камсыздоо тарифтерин көтөрүү сунушун борбор калаанын мэриясы

"Чоң-Капка – автожол” өткөрүү пункту 70 млн сомго оңдолду

"Чоң-Капка – автожол” өткөрүү пункту 70 млн сомго оңдолду

Талас облусунун Манас районунда жайгашкан “Чон-Капка – автожол” автомобиль өткөрүү пунктунда комплекстүү оңдоо иштери аяктады. Маалыматка ылайык, “Чон-Капка – автожол” өткөрүү пунктунун оңдолушу менен жарандардын транспорт каражаттары аркылуу мамлекеттик чек арадан өтүү шарттары жакшырды. Ошондой эле көзөмөлдөөчү органдардын иштөөсү үчүн заманбап инфраструктураны түзүү максатында жүргүзүлдү. Долбоорду ишке ашырууга жалпы 70

Кыргызстан менен Казакстан туризм жаатында кызматташат

Кыргызстан менен Казакстан туризм жаатында кызматташат

26-июнда Бишкек шаарында Алматы – Бишкек экономикалык коридору демилгесинин алкагында Кыргызстан менен Казакстандын туризм боюнча биргелешкен жумушчу тобунун жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйынга Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин кызматкерлери, Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин, Казакстандын Туризм