Садыр Жапаров тоо лыжа кластерин өнүктүрүү боюнча жумушчу жыйын өткөрдү

Садыр Жапаров тоо лыжа кластерин өнүктүрүү боюнча жумушчу жыйын өткөрдү

Президент Садыр Жапаров 29-апрелде «Үч чоку» кластерин өнүктүрүү планынын бетачарына арналган жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Мамлекет башчысына тоо лыжа долбоорунун негизги багыттары, артыкчылыктары, ошондой эле ишке ашыруу жана өзүн-өзү актоо мөөнөттөрү тууралуу маалымат берилди.

Франциялык S3V (Société de Trois Vallees) компаниясынын башкы директору Паскаль де Тьерсан «Үч чоку» кластери Борбордук Азиядагы эң ири лыжа базасы боло аларын билдирди.

Ал белгилегендей, долбоор Ысык-Көл облусундагы үч тоо чокусун камтыйт: Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук. Планга ылайык, бул жерлерде жалпы узундугу 200 чакырымды түзгөн лыжа трассалары курулат.

Долбоор ишке ашкандан кийин 4.8 миң жумушчу орун түзүлөт деп күтүлүүдө. Салык төлөмдөрүнүн көлөмү 146 млн еврону түзөт. Аталган курорттор жылына 10 ай иштеп, аларга 850 миңге чейин турист келе алат.

Кластерди куруунун биринчи этабынын алкагында 60 км лыжа трассасы жана алты асма жол курулат. Пландаштырылган иштер 2026-жылдын аягына чейин аяктайт жана 165 млн евро инвестиция тартууну талап кылат.

Ошону менен бирге туристтерге ыңгайлуу болушу үчүн мейманканалар, ресторандар, этно-шаарчалар, конференц-залдар, ошондой эле башка эс алуу зоналары камтылган комплекстүү инфраструктура курулат.

Маалыматты угуп, мамлекет башчысы тоо лыжа кластерин ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, мамлекеттин катышуусун талап кылган бардык маселелерди иликтөө боюнча зарыл иштерди жүргүзүүнү тапшырды.

Президент өз сөзүндө Кыргызстандын уникалдуу жаратылышы, ошондой эле туристтик потенциалы экономиканы өнүктүрүүнүн негизги багыттары болууга тийиш экендигине басым жасады. «Үч чоку» кластери жергиликтүү жана эл аралык инвестицияларды тартуу үчүн жаңы перспективаларды ачып, аймактын туризмин жана экономикасын өнүктүрүүдөгү масштабдуу долбоор болушу мүмкүн.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында 28–29-июнда абанын температурасы кескин жогорулайт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү температура 35–40°ка чейин жетет. Мындай ысык аба ырайынын учурунда организмди бир калыпта кармаш учун жана күн өтүп кетүүдөн сактануу үчүн:

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокат районунда беш жаңы социалдык объекттин курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Курулуп жаткан имараттардын катарында Зулпуев айыл аймагындагы заманбап спорттук стадион, Кулатов айыл аймагындагы Апшыр-Ата орто мектеби, ошондой эле Эргешов жана Колдошев атындагы орто мектептер жана Уркуя Салиева атындагы тарыхый-маданий музей бар.

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Баткен жана Ош облустарында мамлекеттик чек арадагы ветеринардык көзөмөл постторунун ишмердүүлүгү текшерилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору А. Сотовалдиевдин иш сапарынын жүрүшүндө “Кызыл-Бел”, “Кызыл-Кыя” жана “Достук” мамлекеттик чек ара ветеринардык көзөмөл посттору, ошондой эле “Кара-Суу”

Саясий чөйрөдө аялдардын өкүлчүлүгү 40%га жетти

Саясий чөйрөдө аялдардын өкүлчүлүгү 40%га жетти

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун "Аялдардын лидерлиги" темасындагы Аялдар форуму өз ишин баштады. Иш-чара Кыргызстандын 2026-жылдагы ШКУга төрагалыгынын алкагында 26–27-июнда "Эне-Сай" мамлекеттик резиденциясында өтүүдө. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдиргендей, форумга Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин бийлик өкүлдөрү, эл аралык уюмдар,