Кыргызстанда канча кен байлык казуучу жай бар?

Кыргызстанда канча кен байлык казуучу жай бар?

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Марат Жусупбеков Эл аралык тоо форумунда минералдык-сырьелук базаны өнүктүрүүгө жана баалуу металлдарды өндүрүүнү көбөйтүүгө багытталган приоритеттүү долбоорлорду тааныштырды.

Анын айтымында, тоо кен өндүрүү тармагы Кыргызстан экономикасы үчүн негизи тармактардын бири катары калат. Алтынга болгон дүйнөлүк баанын жогорулоо фонунда алтын кендерине болгон кызыкчылык чоң. 

Мамлекеттик баланста азыр пайдалуу кен байлыктардын 51 түрү боюнча 1 000ден ашык кен казылуучу жайлар бар.  “Минералдык-сырьелук база өнөр жай туруктуулугуна, жумуш орундарынын деңгээлине жана инфраструктуранын өнүгүшүнө түздөн түз таасир этет. Акыркы жылдарда эле тоо кен секторунан 218 млрд сом салык жана милдеттүү төлөмдөр түшкөн”, - дейт М.Жусупбеков. 

Буга улай ал тоо кен тармагынын өнүгүшү мамлекеттин, бизнестин, илимдин жана жергиликтүү коомчулуктун кызыкчылыгы үчүн болушу керектигин баса белгиледи. 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан КТАЭДдин кезектеги валидациясына даярдык көрүп жатат

Кыргызстан КТАЭДдин кезектеги валидациясына даярдык көрүп жатат

2027-жылдын 1-апрелине пландалган Казып алуучу тармактардын ачыктыгы боюнча эл аралык демилгенин (КТАЭД)) кезектеги валидациясына даярдык көрүп жатканын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Ведомство тоо-кен тармагындагы ачыктыкты жана отчеттуулукту камсыз кылуу максатында жер казынасын пайдалануучулар жана компаниялардын бенефициардык ээлери тууралуу маалыматтарды ачыктоо иштерин улантууда. Кыргызстан глобалдык КТАЭДге 2004-жылы

Нарында ата-энесинен ажыраган 5 балага жер тилкеси берилди

Нарында ата-энесинен ажыраган 5 балага жер тилкеси берилди

Нарын облусунда прокуратура органдары жүргүзгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында ата-энесинен ажыраган жетим балдардын турак жай куруу үчүн жер тилкесин кезексиз алуу укуктары калыбына келтирилди. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде ата-энесинин камкордугусуз калган 5 өспүрүмгө турак жай куруу үчүн жер тилкелери бөлүнүп берилип, тиешелүү укук тастыктоочу документтери даярдалды. Прокуратура органдары

Манас шаарында 6 жаңы мектептин курулушу башталды

Манас шаарында 6 жаңы мектептин курулушу башталды

Бүгүн Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Манас шаарында алты жаңы мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Курулуш аянттарын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов жана тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү жеринде көрүп чыгышты. Министр

Бишкекте акциздик маркасы жок алкоголдук продукциялар аныкталды

Бишкекте акциздик маркасы жок алкоголдук продукциялар аныкталды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарында жүргүзүлгөн рейддик салык контролунун жүрүшүндө акциздик маркасы жок продукцияларды сактоо жана сатуу фактыларын аныкташты. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти. Тактап айтканда, "Чунцин Хого" ЖЧКсына таандык соода объектисинде акциздик маркасы жок Кытай келип чыгышындагы 160 даана алкоголдук продукция, жалпы көлөмү