Н.Орунтаев Кыргызстандын курулуш тармагындагы Кытайдын активдүүлүгүн белгиледи

Н.Орунтаев Кыргызстандын курулуш тармагындагы Кытайдын активдүүлүгүн белгиледи

Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин менен жолугуп курулуш тармагындагы маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу жана тармакка заманбап технологияларды киргизүү маселелери талкуулаганы маалым болду. 

Н. Орунтаев Кытай менен биргеликте курулуш тармагында бир катар ири долбоорлор ишке ашырылып, инфратүзүмдү жакшыртуу боюнча активдүү иштер жүрүп жатканын ортого салды.

Ошондой эле ал Кытайдын Кыргызстандын курулуш тармагындагы активдүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетүүчү жагдай, 2025-жылдын башынан тарта эки өлкө ортосунда 23 инвестициялык долбоор каралып, анын 17си Кытайдын улуттук стандарттарына ылайык ишке ашырылууда. 

Мындан тышкары окуңуз

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 2026-жылдын январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү акчалай эсептегенде 1,68 млн сомду түздү. Салыштыруу үчүн: 2025-жылдын ушул эле айында бул көрсөткүч 4 млн 29,5 миң сомду (4,03 млн сом) түзгөн. Демек, акчалай көлөм 58,3%га же 2 млн 349,3 миң

Кыргызстан 5 жыл ичинде 111 ломбарддын лицензиясын жокко чыгарды

Кыргызстан 5 жыл ичинде 111 ломбарддын лицензиясын жокко чыгарды

Акыркы беш жыл ичинде Кыргызстанда 111 ломбарддын лицензиясы жокко чыгарылып, 11 лицензиянын аракети токтотулду. Жалпы салынган айып пулдардын суммасы 8 млн 414 миң сомду түзгөнүн Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы билдирди.   Ведомство ломбарддык ишмердүүлүктү реформалоонун беш жылдык жыйынтыгын чыгарды. Бул мезгил аралыгында керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого, калктын карыз жүгүн

Эмгек министрлиги ЮНИСЕФ менен балдарды социалдык коргоо маселесин талкуулады

Эмгек министрлиги ЮНИСЕФ менен балдарды социалдык коргоо маселесин талкуулады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде министрдин биринчи орун басары К. С. Досматов ЮНИСЕФтин өкүлүнүн орун басары Анна Даутович менен жолугушту. Анда оор турмуштук кырдаалда турган балдарга жана үй-бүлөлөргө социалдык колдоо көрсөтүү маселелери каралды. Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууда мамлекеттик жөлөкпулдар системасын өркүндөтүү жана социалдык колдоонун сапатын жогорулатуу талкууланды. Ошондой эле

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги 4 жылда 63 даттанууну карап  чыккан

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги 4 жылда 63 даттанууну карап чыккан

2022-жылы инвесторлордун даттанууларын кароо тартиби бекитилгенден тарта, 2026-жылдын январь айына чейин Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке жалпысынан 63 даттануу келип түшүп, анын 61и толук каралып, чечилген. Агенттиктен билдиришкендей, 2022–2024-жылдары 35 даттануу каралса, 2025-жылдын ичинде бул көрсөткүч 24тү түзгөн. Улуттук агенттик инвесторлорду төмөнкүдөй негизги маселелерди чечүүдө коштоп келет: * Салык органдарынын аракеттери