Статком: ЕАЭБ өлкөлөрүндө баалар жана тарифтер жогорулаган

2025-жылдын сентябрында өткөн айга салыштырмалуу ЕАЭБге мүчө бардык өлкөлөрдө керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы байкалган. Ал эми Кыргызстанда баанын өсүшү (0,4%га) белгиленди.

2025-жылдын сентябрында 2024-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (10,0 %) Казахстан Республикасында катталган, бул баанын азык-түлүк товарларга (9,9 %га), азык-түлүк эмес товарларга (8,0 %га), ошондой эле кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин (11,9 %га) жогорулашы менен шартталган.
