Кыргызстан ислам банкингин өнүктүрүүдө Бахрейн менен кызматташат

Кыргызстан ислам банкингин өнүктүрүүдө Бахрейн менен кызматташат

Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев Бахрейн Падышалыгынын Борбордук банкынын жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушууда Кыргызстанда ислам банкингин өнүктүрүү маселеси талкууланып, Улуттук банк ченемдик-укуктук жана институционалдык базаны ырааттуу түзүп жатканын белгиледи. Кыргыз тарап Бахрейн менен кызматташтыкты бекемдөөгө даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары, жолугушууда акча-кредит саясатынын шарият принциптерине ылайык келген инструменттерин колдонуу, рыноктун ликвиддүүлүгүн колдоо жана секторду өнүктүрүү маселелери баса белгиленди.

Жыйынтыгында тараптар эксперттик тажрыйба алмашууга жана тармактык бөлүмдөр деңгээлинде кызматташууну улантууга даяр экенин ырасташты.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарбасын өнүктүрүүгө 2 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Айыл чарбасын өнүктүрүүгө 2 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Айыл чарба тармагын өнүктүрүү жана фермерлерди колдоо максатында бир катар мамлекеттик долбоорлор ишке ашырылууда. Бул программалар айыл чарба өндүрүшүн кеңейтүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө жана мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Долбоорлорду ишке ашырууда фермерлерге жеңилдетилген каржылык колдоо көрсөтүүдө "Айыл Банк" ААКнегизги өнөктөштөрдүн бири болуп

Салык кызматы 31 млн сомдук БАДдарды мыйзамсыз алып кирүүнү токтотту

Салык кызматы 31 млн сомдук БАДдарды мыйзамсыз алып кирүүнү токтотту

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери биологиялык активдүү кошумчаларды (БАД) мыйзамсыз алып келүү аракетин токтотушту. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Мекемеден билдиришкендей, кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек – автожол" товарларды көзөмөлдөө пунктунда жүк ташуучу унаа текшерүүгө алынган. Текшерүүнүн жүрүшүндө унаадан коштомо документтери жок биологиялык активдүү кошумчалар табылган. Алдын ала маалымат боюнча, аныкталган

Кыргызстан менен Корея экономикалык өнөктөштүктү тереңдетүүнү көздөйт

Кыргызстан менен Корея экономикалык өнөктөштүктү тереңдетүүнү көздөйт

Кечээ экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ким Квангджэ менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрликтен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Бакыт Сыдыков Корея Республикасы Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, эки өлкөнүн ортосунда ар тараптуу багыттар боюнча тыгыз кызматташтык түзүлгөнүн айтты. Министр ошондой эле Корея Республикасынын

Борбор калаада 750 окуучуга ылайыкташкан жаңы мектеп курулуп жатат

Борбор калаада 750 окуучуга ылайыкташкан жаңы мектеп курулуп жатат

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев борбор калаанын Түштүк пландоо зонасындагы Токомбаев көчөсү 15/8а дарегинде курулуп жаткан 750 орундуу жаңы мектептин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрлик маалымдагандай, долбоорго ылайык мектеп 3 кабаттуу болуп курулуп, окуучулар жана мугалимдер үчүн бардык заманбап шарттар каралат. Учурда