25 миң тонна кытай картошкасы кайра артка кайтарылды

25 миң тонна кытай картошкасы кайра артка кайтарылды

 Кытайдан ташылып келе жаткан 25 тонна картошка Кыргызстанга киргизилбей артка кайтарылганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. 

 "Эркечтам" карантиндик фитосанитардык көзөмөл өткөрүү пунктунан Кытайдан келе жаткан 25 миң тоннадан ашык  продукциянын фитосанитардык сертификаты талапка жооп бербегендиги аныкталган.

 Аталган факты боюнча, КРнын "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" мыйзамынын жана Евразия экономикалык бирлигинин Комиссиясынын № 318 чечиминин талаптарына ылайык, продукция Кыргызстандын аймагына киргизилбей кайра артка кайтарылды.

Бул иш-аракет "Эркечтам" карантиндик фитосанитардык өткөрмө пунктунун кызматкерлери тарабынан мыйзам чегинде жүргүзүлгөнү айтылат маалыматта. 

Мындан тышкары окуңуз

Жайыт жерлерде мотоцикл айдагандарга 11 миң сом айып салынды

Жайыт жерлерде мотоцикл айдагандарга 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгынын инспекторлору Чүй облусунда жайыт жерлерди бузуу жана экологиялык эрежелерди сактабастан Эндуро мотоциклдерин айдоо фактыларын аныкташты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Рейд Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү менен биргеликте жүргүзүлүп, текшерүү учурунда эки жаран кармалып, аларга

Нефти продукциялары Кыргызстанда жетиштүү

Нефти продукциялары Кыргызстанда жетиштүү

Энертика министринин орун басары Насипбек Керимбеков радио эфиринде Кыргызстанда азырынча нефти продукцияларынын  тартыштыгы жок экенин билдирди.  Анын айтымында, нефти продукцияларын жеткирүү айрым кечигүүлөр менен болуп жатат. “Ар кайсы нефти кайра иштетүүчү заводдордо нефти продукцияларынын кору ар кандай. Орточо алганда бир айлык нефти кору бар. Азыр Энергетика министрлиги Кыргызстанга нефти продукцияларын

Өлкө экспортунун өсүү потенциалы 560 млн. доллар

Өлкө экспортунун өсүү потенциалы 560 млн. доллар

Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) докладында аналитиктер Кыргызстан экспортунун жылдык өсүү потенциалын 560 млн доллар деп баалашканы айтылат.  Өлкөнүн экспорттук өсүү потенциалында орчундуу позицияны автомобиль куруу, кийим тигүү жана азык-түлүк өнөр жайы тармактары ээлейт.   “Автомобиль курууу боюнча экспорт потенциалынын өсүшү автомобиль чогултуунун эле эмес, өтөргүчтөрдү жана кузовдорду  өндүрүүнүн  эсебинен да болгон”

Кыргызстан 5 жылда 131 тонна, 2025-жылдын 9 айында 17 тонна алтын өндүрдү

Кыргызстан 5 жылда 131 тонна, 2025-жылдын 9 айында 17 тонна алтын өндүрдү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары, Кыргыз геологиялык кызматынын директору  Марат Жусупбеков акыркы 5 жылда Кыргызстанда 131 тонна алтын өндүрүлсө, анын 17 тоннасы 2025-жылдын 9 айында өндүрүлгөнүн билдирди.  Анын айтымында, бул көлөмдүн 6 тоннасы Кумтөргө таандык. Бирок, атамекендик кайра иштетүү болбогондуктан толлингдик макулдашуу алкагында курамында алтын бар