Кыргызстан тышкы соода жүгүртүүсүндө кандай жылыштар бар?

Кыргызстан тышкы соода жүгүртүүсүндө кандай жылыштар бар?

Бишкекте Кыргызстандын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чарада МинКаб төрагасы А.Касымалиев Тышкы соодада үчүнчү өлкөлөр менен товар жүгүртүү 5,7 млрд долларды түзүп, Өзбекстан менен болгон соода карым-катнашыбыз январь-июль айларынын жыйынтыгы менен 20%га көбөйгөнүнө токтолду. 

 “Мындан тышкары биздин товарларга Түштүк Корея, Бириккен Араб Эмираттарынын кызыгуусу өстү. Корея менен болгон экспорт 14%га көбөйсө, ал эми Эмираттар менен болгон экспорт 17%га өстү”, — деди ал. 
“Ички азык-түлүк коопсуздук камсыздалмайынча элди багуу кыйын. Азыр Кыргызстан эң зарыл 9 азыктын алтоосу менен өзүн өзү камсыздай алат. Биз ЕЭКтин өкүлдөрү менен жолукканда дайыма өлкөлүк долбоорлорду жылдырууга аракет жасайбыз. Анткени өзүн-өзү камсыздоо жагынан Казакстан 87%, Кыргызстан 74%, Армения 67%ды түзөт”, — деди ал.

Мындан тышкары А.Касымалиев,  2025-жылы 28 ишкана ишке кирип, жыл аягына чейин дагы 35 жаңы ишкана ишке кирээри да айтты. 

Мындан тышкары окуңуз

Былтыр Кыргызстандан Красноярск шаарына 14 365 тотукуш жеткирилген

Былтыр Кыргызстандан Красноярск шаарына 14 365 тотукуш жеткирилген

2025-жылы Кыргызстандан Красноярск шаарына 14 миң  365 декоративдүү канаттуулар, негизинен түстүү тотукуштар, ажырагыс тотукуштар жана кореллалар жеткирилген. Бул тууралуу Красноярск аймагы боюнча Россиянын Айыл чарба жана ветеринардык көзөмөл башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, Россиянын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пунктунда (Красноярск эл аралык аэропорту) мекеменин адистери канаттууларга ветеринардык көзөмөл

Тигүү тармагындагы ишканалар жеңилдетилген насыя ала алышат

Тигүү тармагындагы ишканалар жеңилдетилген насыя ала алышат

Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-январындагы №1-тескемеси менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын ЧОИ субъекттерин пайыздык чендерди субсидиялоо жолу менен жеңилдетилген кредиттөө" долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Бул долбоордун алкагында тигүү тармагындагы ишканалар ыйгарым укуктуу финансы-кредиттик уюмдар аркылуу жеңилдетилген кредит ала алышат. Кредиттөө төмөнкү банктар аркылуу жүргүзүлөт:

Кыргызстанда былтыр медициналык мекемелерден 3 млн 349 миң сом айып пул алынган

Кыргызстанда былтыр медициналык мекемелерден 3 млн 349 миң сом айып пул алынган

2025-жылы Кыргызстанда мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы медициналык мекемелерде 3 145 комплекстүү текшерүү жүргүзгөн. Анын ичинен 959 текшерүү жеке клиникаларда өткөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин жыйынында коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Санжар Темирбеков билдирди. Анын айтымында, текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 2 245 санитардык талаптар берилген, ал эми 1 111 жооптуу адам

Япония эл аралык кызматташтык уюму Кыргызстанга 11 млн. 600 миң доллар кайтарымсыз каражат бөлөт

Япония эл аралык кызматташтык уюму Кыргызстанга 11 млн. 600 миң доллар кайтарымсыз каражат бөлөт

Япония эл аралык кызматташтык уюму(JICA) Кыргызстанга 11 млн 600 миң доллар өлчөмүндө кайтарымсыз каражат бөлөрүн Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Темирбек Эркинов билдирди. Анын айтымында, каражаттар Ош шаарындагы түштүк аймагына кызмат көрсөткөн референс-ооруканаларды заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоого багытталат. Гранттын алкагында төмөнкү жабдууларды сатып