Нефти продукциялары Кыргызстанда жетиштүү

Энертика министринин орун басары Насипбек Керимбеков радио эфиринде Кыргызстанда азырынча нефти продукцияларынын тартыштыгы жок экенин билдирди.
Анын айтымында, нефти продукцияларын жеткирүү айрым кечигүүлөр менен болуп жатат. “Ар кайсы нефти кайра иштетүүчү заводдордо нефти продукцияларынын кору ар кандай. Орточо алганда бир айлык нефти кору бар. Азыр Энергетика министрлиги Кыргызстанга нефти продукцияларын жеткирүүнүн альтернативдүү жолдорун активдүү иштеп жатат”,-дейт ал.
Буга улай ал Кыргызстандын күйүүчү, майлоочу майлардын негизги жеткирүүчүсү Россия федерациясы экенин айтат. Россия Кыргызстанга нефти продукцияларынын 96 пайызын берет.
“Бизде 2016-жылдан берки өкмөттөр аралык келишимдер бар. Алардын алкагында биз ар жылы Россия тарап менен нефти продукцияларын бажы салыгысыз жеткирүүнү камтыган индикативдик баланска кол коебуз. Кечээ биз 2025-жылга нефти продукцияларын жеткирүү индикативдик балансына өзгөртүүлөрдү киргиздик. Тагыраагы, дизелдик күйүүчү майдын көлөмүн көбөйттүк. Калган позициялар боюнча көрсөткүчтөр мурдагыдай эле калды. Себеби, макулдашылган көлөм бизге жетиштүү”, - дейт Н.Керимбеков.