Өлкө экспортунун өсүү потенциалы 560 млн. доллар

Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) докладында аналитиктер Кыргызстан экспортунун жылдык өсүү потенциалын 560 млн доллар деп баалашканы айтылат.
Өлкөнүн экспорттук өсүү потенциалында орчундуу позицияны автомобиль куруу, кийим тигүү жана азык-түлүк өнөр жайы тармактары ээлейт.
“Автомобиль курууу боюнча экспорт потенциалынын өсүшү автомобиль чогултуунун эле эмес, өтөргүчтөрдү жана кузовдорду өндүрүүнүн эсебинен да болгон”,-деп баса белигилешет авторлор.