Ак-Талаада "Чоң Бактыгул" каналы оңдолот

Ак-Талаада "Чоң Бактыгул" каналы оңдолот

Ак-Талаа районунда чарба аралык “Чоң-Бактыгул” каналынан кетүүчү Р-2 каналын калыбына келтирүү иштери башталганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги билдирди.

2025-жылы жалы сугат суу жоготууларын азайтуу үчүн узундугу 4,1 чакырым болгон каналдын 2,7 чакырымына заманбап бетон полотонолорду төшөп чыгуу пландалып жатат. Долбоор суу чарбасынын райондук башкармалыгы тарабынан ишке ашырылат жана ага бюджеттен 17,7 млн. сом бөлүнгөн. 

Канал 1960-жылы курулуп жараксыз абалга келгендиктен суу жоготууга учурап келген. Долбоор алкагында 8 суу топтоочу тосмо калыбына келтирилип, 3 жаңы көпүрө курулат. Бул ишке аткарган иштерине жараша эмгек акы төлөп берүү макулдашуусу менен жергиликтүү адамдар тартылган.  

Бул иштер толук аткарылып бүткөн соң 305 гектар айыл чарба жеринде суу менен камсыздоо жакшырып, сугат натыйжалуулугу жакшырат. 

Мындан тышкары окуңуз

Прокурордук чара көрүүлөрдүн эсебинен 9 айда мамлекетке 18 млрд сом түшкөн

Прокурордук чара көрүүлөрдүн эсебинен 9 айда мамлекетке 18 млрд сом түшкөн

Башкы прокуратура башкармалыгынын прокурору Тимур Асанбеков “Биринчи радио” эфиринде коррупцияга каршы туруудагы жасалган иштер боюнча айтып берди. “2025-жылдын 9 айында прокуратура органдары коррупцияга каршы күрөшүү линиясы боюнча 6 487 текшерүү жүргүзүп, 18 849 мыйзам бузуу аныкташты. 9 267 прокурордук чара көрүү актысы киргизилип, кароолордун жыйынтыгы боюнча 5 520 адам дисциплинардык

ИИМ жарандарды - мүлктүн сакталыш коопсуздугун эске салат

ИИМ жарандарды - мүлктүн сакталыш коопсуздугун эске салат

ИИМ жарандарды жеке үйлөрдү жана батирлерди мыйзамсыз кол салуулардан коргоого  чакырат. Министрликтин басма сөз кызматы төмөнкү камсыздоо чараларын сунуштайт: 1. Алдыңкы эшиктерди бекемдөө жана ишенимдүү кулпуларды орнотуу.; 2. Терезе жана балкон эшиктерин текшерүү, айрыкча биринчи/акыркы кабаттар; 3. Жарыктандыруу, белги берүүчү, видеобайкоо тутумдарын орнотуу; 4. Кошуналар менен байланышта болуу, бири-биринин

Күзгү сугат алкагында 220 миң гектар жер сугарылат

Күзгү сугат алкагында 220 миң гектар жер сугарылат

Кыргызстан боюнча күзгү сугат иштери активдүү жүрүп жатканын жана Суу ресурстары кызматынын структуралык бөлүмдөрү быйыл 220 миң гектар жерди сугарууну пландап жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги билдирди.  Ведомствонун билдиришинче, 21-октябрга карата 156 миң гектар жер сугарылган. Адистердин айтымында, күзгү сугат өсүмдүктөрдун сугат мезгилинин башталышында көбүрөөк каныгып,

Айып пулдарды төлөтүү үчүн жаңы тартиптер киргизилет

Айып пулдарды төлөтүү үчүн жаңы тартиптер киргизилет

ИИМ Жол кыймылынын эрежелерин бузганда төлөнүүчү айыппулдарды төлөбөгөндөргө каршы күрөшүү үчүн айрым мыйзамдарга түзөтүү киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору нормативдик-укуктук актыларды коомдук талкууга алуу үчүн ачылган Бирдиктүү порталга жарыяланды. Маалымдама-негиздемеге ылайык мамлекеттик органдарга айып пулдарды төлөбөгөндөрдүн транспорт каражаттарын каттоого жана кайра каттоого, аларга айдоочулук күбөлүк берүүгө, кыймылсыз мүлккө байланыштуу келишимдерди