Камчыбек Ташиев: "Долпран кенин иштетүү текшерилет"

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Чоң-Кемин айыл аймагындагы Долпран алтын кенине берилген лицензия жана кенди иштетүү маселеси текшерилерин Кемин районунун Кайыңды айылынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.
“Кен байлыктарды бардык эле жерде иштетип жатабыз. Бирок аны экологияга, элге зыяны тийбей тургандай, эл пайда көргөндөй иштетсе болот. Мыйзамдын баарына туура келсе, экологияга, жашап аткан элге зыяны тийбесе, кенден мамлекет пайда ала турган болсо гана уруксат беребиз”, – деди Камчыбек Ташиев.
Жергиликтүү тургундар аталган алтын кенин иштетүү үчүн “Кемин ресурс групп” ишканасына лицензия берилгенин, бирок алтын өндүрүлүп баштаса жаратылышка зыян келтирилерин айтышкан. Буга улай эл 394 гектар жер кытайлык компанияга 2043-жылга чейин берилгенин кошумчалаган. Ал жерден алтындан сырткары башка да баалуу металлдар деген чыгат.