Вашингтондо ЭВФ жана ДБтын башкаруучуларынын жылдык жыйыны болду

Вашингтондо ЭВФ жана ДБтын башкаруучуларынын жылдык жыйыны болду

Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев ЭВФке кирген Швейцария өлкөлөр тобунун отурумунда катышты, анда маанилүү глобалдуу маселелер, анын ичинде дүйнөлүк экономиканын өнүгүүсү, инфляциялык тобокелдиктер жана топко катышуучу өлкөлөр ортосунда кызматташтыкты арттыруу маселелери талкууланды. 

Ошондой эле ар жылдык жолугушуунун алкагында Улуттук банктын төрагасы ЭВФтин Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азия департаменти тарабынан уюштурулган иш-чараларда негизги баяндамачы катары сөз сүйлөп, тышкы туруксуздук шартында КРнын экономикасы дуушарланып жаткан негизги милдеттер, ошондой эле глобалдуу белгисиздик шарттарында Улуттук банк тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө белгиледи. Баа жана финансылык туруктуулук маселелерине да өзгөчө көңүл бурулду. Ага региондун борбордук банктарынын башчылары жана ЭВФтин башкаруучу директорунун орун басары Бо Ли катышты,

Иш сапарынын алкагында Мелис Тургунбаев Швейцариянын жана Бахрейндин борбордук банктарынын башчылары менен жолугушуп, анда финансы-банк чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү келечеги талкууланды. 

Мындан тышкары окуңуз

Прокурордук чара көрүүлөрдүн эсебинен 9 айда мамлекетке 18 млрд сом түшкөн

Прокурордук чара көрүүлөрдүн эсебинен 9 айда мамлекетке 18 млрд сом түшкөн

Башкы прокуратура башкармалыгынын прокурору Тимур Асанбеков “Биринчи радио” эфиринде коррупцияга каршы туруудагы жасалган иштер боюнча айтып берди. “2025-жылдын 9 айында прокуратура органдары коррупцияга каршы күрөшүү линиясы боюнча 6 487 текшерүү жүргүзүп, 18 849 мыйзам бузуу аныкташты. 9 267 прокурордук чара көрүү актысы киргизилип, кароолордун жыйынтыгы боюнча 5 520 адам дисциплинардык

Ак-Талаада "Чоң Бактыгул" каналы оңдолот

Ак-Талаада "Чоң Бактыгул" каналы оңдолот

Ак-Талаа районунда чарба аралык “Чоң-Бактыгул” каналынан кетүүчү Р-2 каналын калыбына келтирүү иштери башталганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги билдирди. 2025-жылы жалы сугат суу жоготууларын азайтуу үчүн узундугу 4,1 чакырым болгон каналдын 2,7 чакырымына заманбап бетон полотонолорду төшөп чыгуу пландалып жатат. Долбоор суу чарбасынын райондук башкармалыгы

ИИМ жарандарды - мүлктүн сакталыш коопсуздугун эске салат

ИИМ жарандарды - мүлктүн сакталыш коопсуздугун эске салат

ИИМ жарандарды жеке үйлөрдү жана батирлерди мыйзамсыз кол салуулардан коргоого  чакырат. Министрликтин басма сөз кызматы төмөнкү камсыздоо чараларын сунуштайт: 1. Алдыңкы эшиктерди бекемдөө жана ишенимдүү кулпуларды орнотуу.; 2. Терезе жана балкон эшиктерин текшерүү, айрыкча биринчи/акыркы кабаттар; 3. Жарыктандыруу, белги берүүчү, видеобайкоо тутумдарын орнотуу; 4. Кошуналар менен байланышта болуу, бири-биринин

Күзгү сугат алкагында 220 миң гектар жер сугарылат

Күзгү сугат алкагында 220 миң гектар жер сугарылат

Кыргызстан боюнча күзгү сугат иштери активдүү жүрүп жатканын жана Суу ресурстары кызматынын структуралык бөлүмдөрү быйыл 220 миң гектар жерди сугарууну пландап жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги билдирди.  Ведомствонун билдиришинче, 21-октябрга карата 156 миң гектар жер сугарылган. Адистердин айтымында, күзгү сугат өсүмдүктөрдун сугат мезгилинин башталышында көбүрөөк каныгып,