Кыргызстан сентябрда Кытайга 11,6 миң тонна көмүр экспорттоду

Ушул жылдын сентябрь айында Кытайга Кыргызстан көмүрү эң көп экспорттолгону Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын маалыматтарында чагылдырылды.
Ал маалыматта сентябрь айында Кытайга 11,6 миң тонна, июль айында 8,3 миң тонна көмүр экспорттолгону көрсөтүлгөн. Мунун өзү Кытай тараптын кыргыз көмүрүнө суроо-талаптын өсүп жатканын айтып турат.
Бирок мындай жылдык максимумга карабай жылдык эсеп менен алганда 2024-жылга караганда быйыл Кытайга болгон көмүр экспорту 6,3%га азайган. Эксперттердин айтымында, өткөн жылдагыдан артта калууну акырындап теңдеп, жолго койсо болот.