Кыргызстанда инфляция темпи ылдамдашы мүмкүн

Кыргызстанда инфляция темпи ылдамдашы мүмкүн

Евразиялык туруктуулук жана өнүгүү  фондунун(ЕТӨФ) докладында  күйүүчү-майлоочу майлардын (КММ) кымбатташы Кыргызстандагы инфляциянын жогорулашын ылдамдатышы мүмкүн экени жарыяланды. 

Фонддун болжолдуу маалыматтары боюнча Кыргызстанда инфляция март айында 6,9%га, июнда 8%га, июлда 8,8%га өскөн. 

“Күйүүчү-майлоочу майлардын, айрыкча бензин менен дизелдик майдын баалары июлда 1,9%га жогорулаган. Бензин менен дизелдик майдын 80%ы сырттан, тагыраагы 74%ы Россиядан, 21%ы Казакстандан келет”,-делет докладда. 

ЕТӨФтүн ар күн сайын чыгуучу мониторингинде Кыргызстандагы КММнын баасы Россиядагы баалардын өсүшүнө тыгыз байланышканын жана инфляциянын ылдамдашы толук мүмкүн экени көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Аял ишкерлер 1,5 млрд сомдон ашык насыя алышты

Аял ишкерлер 1,5 млрд сомдон ашык насыя алышты

“Кепилдик фонд” ачык акционердик коому аял ишкерлерди колдоону системалуу түрдө улантып келет. Фонд аларга финансылык ресурстарга жетүүгө жардам берип, өлкөнүн бардык аймактарында бизнесин өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп жатат. 2025-жылдын январь–сентябрь айларында аталган фонд аялдардын бизнесин өнүктүрүү үчүн 440 кепилдик берген. Бул — берилген кепилдиктердин жалпы санынын 40%ын түзөт. Жалпы кепилдик

Маркасы жок күйүүчү май сакталган кампа табылды

Маркасы жок күйүүчү май сакталган кампа табылды

КРнын Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик салык көзөмөлүнүн жүрүшүндө Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Бообек айылында маркасы жок күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатып жаткан кампа аныкталды.  Текшерүү учурунда кампадан жалпы көлөмү 1 430 литр болгон маркасы жок дизелдик отун табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, күйүүчү май андан ары чекене сатуу үчүн

Улуттук банк айрым алмаштыруу бюролоруна карата чара көрдү

Улуттук банк айрым алмаштыруу бюролоруна карата чара көрдү

КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы эки алмашуу бюросуна айып пул салынды. КРУБ расмий сайтында маалымдалгандай, алардын ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул каралды.  Мындан сырткары, Бишкек шаарындагы дагы бир  акча алмаштыруучу жай «Нурсан про» ЖЧКнын лицензиясынын аракети 2025-жылдын

Мал чарбасын жакшыртууга багытталган геномдук борбор курулууда

Мал чарбасын жакшыртууга багытталган геномдук борбор курулууда

Сокулук районунун Фрунзе айылында жайгашкан Кыргыз мал чарба жана жайыт институтунун аймагында жаныбарларды геномдук баалоо боюнча тренинг-борборунун жана жатакананын курулушу башталып, капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев катышып, айыл чарба жаныбарларынын