Кыргызстанга "жашыл" инвестицияларды тартуу маселелери каралды

Кыргызстанга "жашыл" инвестицияларды тартуу маселелери каралды

Бишкекте Кыргызстанда экологиялык таза инвестицияларды тартуу стратегиялары жана Париж келишиминин 6-беренесин колдонуу аркылуу көмүртек кредиттеринин мүмкүнчүлүктөрү талкууланган семинар болуп өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Иш-чарада катышуучуларга Париж келишиминин 6-беренеси жана көмүртек кредиттери боюнча практикалык колдонмо сунушталып, бул механизмдердин колдонулушу, мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берилди.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылы Глазгодо өткөн климат боюнча конференцияда өлкөнүн 2050-жылга чейин углероддук нейтралдуулукка жетүү жана 2030-жылга чейин парник газдарын 44%га кыскартуу максатын белгилегенин эске салды.

Уюштуруучулардын айтымында, көмүртек рыногуна толук кандуу катышуу жана эл аралык “жашыл” инвестицияларды тартуу үчүн улуттук деңгээлдеги институттар, координациялык органдар жана эл аралык ведомстволордун кызматташуусу маанилүү.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан элчиликтери үчүн АКШда 10 батир сатылып алынган

Кыргызстан элчиликтери үчүн АКШда 10 батир сатылып алынган

АКШда Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери үчүн 10 батир сатып алынганын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди. Анын айтымында, Нью-Йоркто 5 батир, Вашингтондо дагы 5 батир сатып алынган. Түштүк Кореядагы элчилик үчүн имарат мурда эле алынган, ошондой эле Австрияда имарат сатып алуу пландалып жатат. "Бардык процедуралар бүткөрүлдү. Бул ишти февраль–

Зергерчиликке салык жеңилдиктери киргизилди

Зергерчиликке салык жеңилдиктери киргизилди

Мамлекеттик салык кызматы Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, зергерчилик тармагындагы ишкерлерге бир катар салык жеңилдиктери берилерин маалымдайт. Ага ылайык, өлкөгө алып келинген зергерчилик жабдуулары, технологиялар, реактивдер жана жарым фабрикаттар КНС төлөөдөн бошотулат. Ошондой эле, мурда алынган же өндүрүлгөн баалуу металлдардан жасалган буюмдарды 2 ай ичинде легалдаштыруу үчүн мораторий киргизилүүдө. Зер

Эмгек министрлиги: 1 851 жаш адис стажировкадан өтүп, 72%ы жумушка орношкон

Эмгек министрлиги: 1 851 жаш адис стажировкадан өтүп, 72%ы жумушка орношкон

Күн мурун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Дүйнөлүк банк менен биргеликте "Социалдык жардам жана эмгек рыногун чыңдоо" долбоорунун алкагында жаштар стажировкасына мониторинг жүргүздү. Министрликтин маалыматына ылайык, мониторингдин жүрүшүндө "Элдик Банк" ААКнын "Мурас" филиалы жана Бишкек шаарындагы №98 кесиптик лицейге барып, жумушсуз жаштарды стажировкадан

Россиядан быйыл 34 786 кыргызстандык жаран чыгарылышы мүмкүн

Россиядан быйыл 34 786 кыргызстандык жаран чыгарылышы мүмкүн

Былтыр ноябрда Россиянын көзөмөл реестринде 128 миңдей кыргызстандык жаран бар болгон болсо, учурда Кыргызстандын 34 786 жараны бар экенин тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. Министр жоопкерчиликтүү жарандар өздөрүн бул тизмеден текшерип, укуктук макамын мыйзамдаштырууга жетишкенин белгилеп, бул үчүн мигранттарга кошумча убакыт да берилгенин айтты. "Мамлекет,