"Гендердик теңчилик жана жашыл инновациялар" сыйлыгы ээлерин тапты
Бишкекте CAREC 2025 «Гендердик теңчилик жана жашыл инновациялар» сыйлыгын тапшыруу аземи өттү. Иш-чарада Борбор Азиядан CAREC программасына катышкан 17 мыкты өкүл жана уюм өз салымы үчүн сыйланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Сыйлык аялдардын күн энергиясы боюнча техникалык адистикке окутуу, Борбор Азиядагы биринчи «нөлдүк калдыктар» концепциясындагы дүкөндү ачуу сыяктуу долбоорлорду таануу максатында берилет. Бул демилгелер гендердик теңчилик жана экологиялык инновацияларды айкалыштырат.
Быйылкы лауреаттардын долбоорлору аялдардын жана жергиликтүү жамааттардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшкө жана туруктуу технологияларды өнүктүрүүгө салым кошкону менен айырмаланды.


