Каракол шаарында таштандыларды технологиялык жол менен жок кылуучу завод курулат
Кечээ МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Каракол шаарынын таштанды калдыктарын технологиялык жол менен жок кылуучу заводдун курулушуна мезгил кутучасын салды.
Ал Кыргызстанда экологиялык абалды жакшыртуу максатында таштандыларды технологиялык ыкма менен кайра иштетүү аркылуу электр энергиясын өндүрүүчү ири инвестициялык долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгиледи. Өкмөт башчы бул багытта Кытай мамлекетинин “Хунань Цзюньсинь Хуаньбао” компаниясы Бишкек, Ош жана Ысык-Көл долбоорлорун ишке ашырып жатканын белгиледи.

Ысык-Көл облусундагы долбоор боюнча Баштапкы этапта Ак-Суу району жана Балыкчы шаарында күнүнө 600 тонна таштанды иштете турган технологиялык электр станциялары курулат. Кийинки этаптарда МинКаб чечимине, облустагы жана коңшу аймактардагы таштандылардын көлөмүнө жараша, инвестор тарабынан кошумча иштетүү линиялары курулат.
Бул этаптагы долбоордун жалпы инвестиция көлөмү болжол менен жалпы 140 миллион долларды түзөт.