"Кепилдик фонддун" колдоосу менен ишкерлер 4 млрд 107 млн сом насыялык ресурс тарткан
“Кепилдик фонд” ААКсынын башкармасынын төрагасы Малик-Айдар Абакеров Чех Республикасынын Кыргызстандагы Ардактуу консулу Марат Жаанбаев менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун келечегин, ошондой эле Кыргызстан менен Чехиядагы экспортко багытталган ишканаларды колдоо жана өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
“Кепилдик фонд” өлкөнүн аймактарында ишкердикти өнүктүрүүгө активдүү көмөк көрсөтүп, экспорт жана импортту алмаштырууга багытталган ишканаларга артыкчылык берет”, - деп белгиледи Малик-Айдар Абакеров.
Бүгүнкү күндө кепилдик колдоосун алган экспортко багытталган компаниялар сырттан каржылоо тартуу, өндүрүштү кеңейтүү жана жаңы чет элдик рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушууда.
2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча экспортко багытталган ишканаларга берилген кепилдиктердин жалпы көлөмү 1 млрд 175 млн сомдон ашкан. Кепилдик колдоосу аркылуу ишкерлер 4 млрд 107 млн сомдон ашык насыялык ресурстарды тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон жана бул алардын өндүрүштүк жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүсүнө шарт түзгөн.