Айыл чарба министрлиги дыйкандарды күздүк буудай эгүүгө чакырууда

Айыл чарба министрлиги дыйкандарды күздүк буудай эгүүгө чакырууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги дыйкандарды күздүк буудай эгүүгө чакырат. Ведомствонун маалыматына караганда, күздүк буудай — эмгекти сарамжалдуу пайдалануунун, мол түшүм жана туруктуу киреше алуунун ишенимдүү жолу болуп саналат.

Күздүк буудайдын артыкчылыктарынын бири — жогорку түшүмдүүлүк. Ал жаздык буудайга салыштырмалуу 20%га чейин көбүрөөк түшүм берет. Мындан тышкары, ал эрте бышат, бул талааны эрте бошотуп, экинчи түшүм алуу мүмкүнчүлүгүн түзөт.

Күзүндө топуракта ным көбүрөөк болгондуктан, күздүк буудай кургакчылыкка туруктуу жана азыктандыруучу заттарды жакшы топтойт. Ошондой эле күзүндө отоо чөптөр азыраак чыгып, дыйкандардын эмгегин жеңилдетет.

Министрлик белгилегендей, күздүк себүү дыйкандарга жазгы иштерди жеңилдетүүгө жана убакытты туура пайдаланууга жардам берет.

Мындан тышкары окуңуз

Креативдүү индустриялар паркынын резиденттери салыкты кандай төлөшөт?

Креативдүү индустриялар паркынын резиденттери салыкты кандай төлөшөт?

Креативдүү индустриялар паркындагы резиденттердин быйылкы  кирешеси 516 млн сомго жеткенин Креативдүү индустриялар паркынын директору Канышай Мамытова билдирди. Анын айтымында, Креативдүү индустриялар паркынын резиденттер киреше салыгы, КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ордуна резиденттер квартал сайын киреше салыгын төлөшөт. 2023–2024-жылдары бул салык 0,5 пайызды, 2025-2026-жылдары 1 пайызды түзсө, 2027-жылы 2

ДАПтын долбоору Кыргызстанда 50 миңдей адамды жумуш менен камсыз кылды

ДАПтын долбоору Кыргызстанда 50 миңдей адамды жумуш менен камсыз кылды

Бүгүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын делегациясы менен жолугушуп, кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулады. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, министр ДАПтын Кыргызстандагы социалдык программаларды ишке ашыруудагы салымын белгилеп, 2014–2027-жылдар аралыгында 166,2 млн АКШ долларын түзгөн долбоорлор аркылуу миңдеген жарандарга жардам көрсөтүлгөнүн

Кыргызстанда 3926 алимент карызкору дарегин өзгөрткөн

Кыргызстанда 3926 алимент карызкору дарегин өзгөрткөн

Кыргызстанда 2025-жылдын 9 айында алимент төлөмүнүн көлөмүн азайтыш үчүн  жашаган дарегин өзгөрткөн 3 926 карызкор катталганын Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капалов билдирди.  Анын маалыматына ылайык, эгер алимент боюнча карызкор расмий бир жерде  иштебесе жана кирешеси жок болсо, анда алименттин көлөмү анын жашаган регионундагы орточо

Улуттук банктын жаңы имаратынын ачылыш аземи болду

Улуттук банктын жаңы имаратынын ачылыш аземи болду

Бүгүн Президент Садыр Жапаров КРнын Улуттук банкынын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты. Жаңы имарат Бишкек шаарынын Калык Акиев көчөсү менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Улуттук банктын бул кеңсеси, борбор калаанын Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү департаменти жана "Бишкекглавархитектура" узак мөөнөттүү курулуш долбоорлорунун тизмесинде  турган. Акыркы 2 жыл бою анын курулушу