Кайра иштетүү өнөр жайы 9 айда 74,9 млрд сомдук продукция өндүрдү
Үстүбүздөгү жылдын январь–сентябрь айларында өлкөдө 434 ири жана орто, ошондой эле 11 245 чакан ишканалар катталган. Алардын ичинен 301 кайра иштетүү ишканасы, 38 соода-логистикалык борбору жана 264 жашылча-жемиш кампасы иштеп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Кайра иштетүү өнөр жайынын жалпы продукциясынын көлөмүндө тамак-аш азыктарынын, суусундуктардын жана тамекинин үлүшү 18,8%ды түздү.
Алдын ала эсеп боюнча, 2025-жылдын январь–сентябрь айларында бул тармакта 74,9 млрд сомдук продукция өндүрүлүп, физикалык көлөм индекси 140,1% болду. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилиндеги 62,6 млрд сом жана 121,9% менен салыштырганда олуттуу өсүштү көрсөтүүдө.