Кытай, Казакстан чек арасында 3 миң вагон буудай топтолду

Кытай, Казакстан чек арасында 3 миң вагон буудай топтолду

Кытай менен Казакстан чек арасында экспорттук жана транзиттик буудай менен 3 миң вагон топтолгонун “Казакстан Темир жолу”(КТЖ) компаниясы билдирди. Буга Кытай бажысынын дан жүктөрүн кабыл алууну кескин кыскартып жибергени себеп болгон. 

КТЖнын билдиришинче, Кытайдын тиешелүү органдары дан жүктөрүн дыкаттык менен текшерип, буудайды Үрүмчү, Пекин лабораторияларынан өткөрүү тартибин киргизишкен. Мындай текшерүү 5 суткадан 10 суткага чейинки убакытты алат. 

“Эл аралык чек арада 3 миң вагондун топтолушу кыймылдуу курамдын нормативдик санынан ашып кетет. Ошол эле кезде бул вагон курамдарды кабыл алуу Кытай тарап менен мурда келишилген болчу”,- делет КТЖ маалыматында. 

Вагон тыгындарын болтурбай, стабилдүү жана коопсуз ишти камсыз кылуу үчүн КТЖ убактылуу айрым экспорттук дан жүктөрүн суткасына үчөөнү гана кабыл алууга өткөн. 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

"Ориентал" кафесинин жанындагы курулуш демонтаждалат

"Ориентал" кафесинин жанындагы курулуш демонтаждалат

Жер пайдалануу жана көзөмөлдөө башкармалыгы (ЖПКБ) Бишкектеги "Ориентал" кафесинин жанындагы курулушун демонтаждаларын билдирди. Кафе жеке менчик жер тилкесинде жайгашкан жана мамлекеттик акт боюнча С.Каралаев көчөсү, 45 дарегинде катталган. ЖПКБнын маалыматына ылайык, кафенин чыгыш тарабында жеке менчиктен тышкары, муниципалдык жерге уруксат документтери жок курулуш жүргүзүлүп, Аламүдүн дарыясынын үстүнө

"Кыргызстан аэропортторунун" экономика, финансы жана стратегиялык өнүгүү боюнча директору алмашты

"Кыргызстан аэропортторунун" экономика, финансы жана стратегиялык өнүгүү боюнча директору алмашты

"Кыргызстан аэропорттору" ААКсынын аткаруучу органынын курамында өзгөрүүлөр болду. Кыргыз фонду биржасынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 18-февралындагы директорлор кеңешинин чечими менен экономикалык, каржы жана стратегиялық өнүгүү боюнча директор — мүчө катары иштеп келген Медербек Курманбековдун ыйгарым укуктары мөөнөттөн мурда токтотулду. 2026-жылдын 19-февралынан тартып экономикалык, каржы жана стратегиялық өнүгүү боюнча директор — жаңы

"Ала-Тоо Резорт" 1,2 млрд еврого бааланды

"Ала-Тоо Резорт" 1,2 млрд еврого бааланды

Ак-Суу районунда 1,2 млрд евролук "Ала-Тоо Резорт" тоо лыжа кластеринин курулушу мониторингден өткөрүлгөнүн Экономики жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Вице-министр Медер Туманов мамлекеттик маанидеги долбоордун аткарылышын текшерди. Бул долбоор Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук курортторун бириктирип, аймакты эл аралык деңгээлдеги жыл бою иштеген борборго айлантууну максат

Парламент турак жайларды камсыздандыруу мыйзам долбоорун жактырды

Парламент турак жайларды камсыздандыруу мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети "Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү карап чыкты. Документ Министрлер кабинети тарабынан иштелип чыккан. Ага ылайык, камсыздандыруу пулу (бирикмеси) юридикалык жак макамын алып, каражатты камсыздандыруу төлөмдөрүнүн бир бөлүгүнөн түзөт. Финансы рыногун жөнгө салуу