Аялдардын трикотаж кийимдеринин экспорту быйыл 80%га өстү
Быйыл январь-август айларында Кыргызстандан аялдардын трикотаж кийимдеринин экспорту дээрлик 80%га көбөйгөнүн Улуттук статистика комитети маалымдайт.
Маалыматка ылайык, 8 айда жалпы 1,3 миллион даана кийим 8 миллион долларга сатылган. Өткөн жылы ошол эле мезгилде экспорттун көлөмү 727,8 миң даана, наркы 4 миллион долларды түзгөн.
Экспорттун негизги көлөмү Россияга багытталды. Бул өлкөгө 1,3 миллион даана кийим 8 миллион долларга жөнөтүлгөн. Ал эми Казакстанга 255 даана кийим 2,8 миң долларга экспорттолгон. Былтыр Россияга 726,9 миң даана кийим, Казакстанга 570 даана кийим жөнөтүлгөн.
Ошол эле учурда импорт бир аз азайган. 2025-жылдын январь–август айларында Кыргызстанга жалпы 245 миң даана кийим 1,35 миллион долларга келген. Былтыр бул көрсөткүч 247 миң даана жана 1,45 миллион доллар болгон.